Кыргыз-кытай чек арасы 4 күнгө жабылат

25-Май 2017, Бейшемби

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасы 27-майдан 30-майга чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма өз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, чек ара Кытайда күрүч майрамы белгиленгендиктен ал тараптын демилгеси менен жабылууда.

“Торугарт жана Иркештам бекеттеринен унаалар жана жарандар 31-майдан тарта өтө башташат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!