Ак-Буура дарыясынын жээгинде эс алууга шарт түзүлөт

Ак-Буура дарыясынын жээгинде эс алууга шарт түзүлөт
13-Ноя. 2019, Шаршемби, 12:27

Ак-Буура дарыясынын жээги көрктөндүрүлүп, эс алууга шарт түзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда Ош шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык архитектура жана курулуш башкармалыгы тарабынан даярдалган Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүп, жашылдандыруу боюнча эскиздик долбоору менен шаар мэри Таалайбек Сарыбашов таанышып, 2020-жылдын башынан баштап дарыянын жээктери бошотулушу керектигин билдирди.

Долбоордо дарыянын жээгин бекемдөө, жөө адамдар басуучу жол, веложол, жарыктандыруу, дарыянын жээгине түшүүчү тепкичтер каралат.

“Ош шаары Сулайман-Тоо жана Ак-Буура дарыясы менен белгилүү. Дарыянын жээктерин оңдоп, эс алууга шарт түзөбүз. Ак-Бууранын жээгин жалпы эл пайдаланыш керек. Дарыя шаардын көркү. Долбоордо каралган дарыянын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар, тосулуп алынган жерлер бошотулат. 2020-жыл ичинде курулуш иштери жүрөт”,-деди шаар мэри.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Time журналы жыл мыктысын тандады: Грета Тунберг
Time журналы жыл мыктысын тандады: Грета Тунберг
Ассоль Молдокматова онкологиялык оорусунан айыкты
Ассоль Молдокматова онкологиялык оорусунан айыкты
Баңгизатты мыйзамсыз сатып жүргөн жаран колго түштү
Баңгизатты мыйзамсыз сатып жүргөн жаран колго түштү
Актан Рыскелдиев: Тарыхыбыздын башталганына 11 жыл болду
Актан Рыскелдиев: Тарыхыбыздын башталганына 11 жыл болду
Жол кырсыгынан 3 адам катуу жаракат алды
Жол кырсыгынан 3 адам катуу жаракат алды
Оштун чыгармачыл жаштары Жаңы жылга өзгөчө белек камдашууда
Оштун чыгармачыл жаштары Жаңы жылга өзгөчө белек камдашууда
Минюра Рахимжанова: Бийик деңгээлдеги музыкада өзүмдү сынап жатам
Минюра Рахимжанова: Бийик деңгээлдеги музыкада өзүмдү сынап жатам
Абылгазиев: Билим берүүнү экономика менен байланыштырып кароо керек
Абылгазиев: Билим берүүнү экономика менен байланыштырып кароо керек
Айсулуу Молдалиева: Бактылуу болгула, үйлөнгүлө
Айсулуу Молдалиева: Бактылуу болгула, үйлөнгүлө
​Эң көп ызы-чуу жараткан спортчулар аталды
​Эң көп ызы-чуу жараткан спортчулар аталды
Калориялуу тамактарды сиңирүү үчүн кандай көнүгүү жасаш керек?
Калориялуу тамактарды сиңирүү үчүн кандай көнүгүү жасаш керек?
Ошто вакансиялар жарманкеси болот
Ошто вакансиялар жарманкеси болот
Чойбеков:
Чойбеков: "Кумтөрдө" жоголгондорду издөөгө кошумча күчтөрдү тартуу зарыл
Майрамга карата кабаттуу үйлөрдөгү кондиционерлер алынууда
Майрамга карата кабаттуу үйлөрдөгү кондиционерлер алынууда
​Дүйнө Кубогу: мушкер Азат Үсөналиев чейрек финалга чыкты
​Дүйнө Кубогу: мушкер Азат Үсөналиев чейрек финалга чыкты
Момбеков: Карышкырдан коркпогон кыргыздар үч буттуу камерадан коркуп калышты
Момбеков: Карышкырдан коркпогон кыргыздар үч буттуу камерадан коркуп калышты