Абылгазиев: "Бийлик өнүгүү максаттарына жетүүдө биримдикти көрсөтүштү"

Абылгазиев:
13-Ноя. 2019, Шаршемби, 16:17

2018-жылы иштин татаал шарттарына карабастан, бийликтин бардык бутактары өнүгүү максаттарына жетүүдө биримдикти көрсөтүштү. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин жыйынынын жүрүшүндө билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдашты.

Өкмөт башчы белгилегендей, 2018-жылы зор жетишкендиктер менен бирге аткаруу бийлигинин бардык бутактарынын биргелешкен күч-аракетин талап кылган татаал милдеттер болду.

«Учурда иштеп жаткан Өкмөт 2018-жылдын апрель айында ишке киришкенде, иштөө шарттар жеңил эмес болчу. Бул шаардык ЖЭБдин айланасындагы кырдаал, макроэкономикалык жагдайдын начарлашы, мамлекеттин кирешелеринин жана чыгашаларынын ортосундагы дисбаланс, кыргыз-казак чек арасындагы абал, кен иштетүү жайлардагы чыр-чатактар жана башкалар», – деди Абылгазиев.

Муну менен бирге Өкмөт башчы белгилегендей, бул шарттарда өлкө ТМКК, ШКУ, ЖККУ өлкө башчыларынын Саммиттери, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, улуу жазуучу Чыңгыз Айматовдун 90 жылдыгы сыяктуу ири иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрө алды.

«Эң башкысы бийликтин бардык бутактары – Президент дагы, Жогорку кеңеш дагы жана Өкмөт дагы өнүгүүнүн маанилүү максаттарына жетүүдө биримдикти көрсөтө алышты», – деди өкмөт башчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Time журналы жыл мыктысын тандады: Грета Тунберг
Time журналы жыл мыктысын тандады: Грета Тунберг
Ассоль Молдокматова онкологиялык оорусунан айыкты
Ассоль Молдокматова онкологиялык оорусунан айыкты
Баңгизатты мыйзамсыз сатып жүргөн жаран колго түштү
Баңгизатты мыйзамсыз сатып жүргөн жаран колго түштү
Актан Рыскелдиев: Тарыхыбыздын башталганына 11 жыл болду
Актан Рыскелдиев: Тарыхыбыздын башталганына 11 жыл болду
Жол кырсыгынан 3 адам катуу жаракат алды
Жол кырсыгынан 3 адам катуу жаракат алды
Оштун чыгармачыл жаштары Жаңы жылга өзгөчө белек камдашууда
Оштун чыгармачыл жаштары Жаңы жылга өзгөчө белек камдашууда
Минюра Рахимжанова: Бийик деңгээлдеги музыкада өзүмдү сынап жатам
Минюра Рахимжанова: Бийик деңгээлдеги музыкада өзүмдү сынап жатам
Абылгазиев: Билим берүүнү экономика менен байланыштырып кароо керек
Абылгазиев: Билим берүүнү экономика менен байланыштырып кароо керек
Айсулуу Молдалиева: Бактылуу болгула, үйлөнгүлө
Айсулуу Молдалиева: Бактылуу болгула, үйлөнгүлө
​Эң көп ызы-чуу жараткан спортчулар аталды
​Эң көп ызы-чуу жараткан спортчулар аталды
Калориялуу тамактарды сиңирүү үчүн кандай көнүгүү жасаш керек?
Калориялуу тамактарды сиңирүү үчүн кандай көнүгүү жасаш керек?
Ошто вакансиялар жарманкеси болот
Ошто вакансиялар жарманкеси болот
Чойбеков:
Чойбеков: "Кумтөрдө" жоголгондорду издөөгө кошумча күчтөрдү тартуу зарыл
Майрамга карата кабаттуу үйлөрдөгү кондиционерлер алынууда
Майрамга карата кабаттуу үйлөрдөгү кондиционерлер алынууда
​Дүйнө Кубогу: мушкер Азат Үсөналиев чейрек финалга чыкты
​Дүйнө Кубогу: мушкер Азат Үсөналиев чейрек финалга чыкты
Момбеков: Карышкырдан коркпогон кыргыздар үч буттуу камерадан коркуп калышты
Момбеков: Карышкырдан коркпогон кыргыздар үч буттуу камерадан коркуп калышты