Президент Шайлоо комиссиясынын 30 жылдыгы менен куттуктады

Президент Шайлоо комиссиясынын 30 жылдыгы менен куттуктады
13-Ноя. 2019, Шаршемби, 17:28

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-ноябрда Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жаңыланган имаратына барды.

Президенттик аппаратттан маалымдашкандай, БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова 2018-2020-жылдарга карата Шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу стратегиясына ылайык түзүлгөн Жарандык билим берүү жана шайлоо технологияларынын борборунун ишмердүүлүгү жана менен тааныштырды.

Жээнбеков БШК мүчөлөрү менен пикир алышууда саясий жана экономикалык тармактарда ачык жана калыс атаандаштык болгондо гана өлкөнү өнүктүрүү мүмкүн экендигин баса белгиледи.

Ал БШКнын башкы милдети бардык деңгээлдеги шайлоолордун ачык-айкындыгын камсыздоо жана шайлоо системасынын платформасын туруктуу түзүү экендигин эске салды.

«Шайлоо системасынын ачык-айкын жана туура иштөөсү БШК мүчөлөрүнүн, аймактык комиссиясынын кызматкерлеринин кесипкөйлүгүнөн жана адамдык сапаттарынан көз каранды», — деп белгиледи мамлекет башчысы.

Президент БШК мүчөлөрүн жана аппарат кызматкерлерин Шайлоо комиссиясынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Гүлнара Каримованын адвокатына Өзбекстанга кирүүгө тыюу салынды
Гүлнара Каримованын адвокатына Өзбекстанга кирүүгө тыюу салынды
Анжелика Кайратова: Ушакчылардын уялаар күнү да болот
Анжелика Кайратова: Ушакчылардын уялаар күнү да болот
Путиндин
Путиндин "өзөктүк" сумкасын ачык көрсөтүштү
Жаңы жылга даярданып жатасызбы?
Жаңы жылга даярданып жатасызбы?
Жаңы айдоочулук күбөлүктөр бериле баштады
Жаңы айдоочулук күбөлүктөр бериле баштады
Жээнбеков расмий визит менен Бириккен Араб Эмираттарына учуп кетти
Жээнбеков расмий визит менен Бириккен Араб Эмираттарына учуп кетти
"Селсаяк" рейдинин негизинде 17 жаран текшерилди
Бырыш түшкөн колду жашартуучу маска
Бырыш түшкөн колду жашартуучу маска
​Орусия мушкерлери Олимпиадага желексиз катышуудан баш тартты
​Орусия мушкерлери Олимпиадага желексиз катышуудан баш тартты
Хива шаары Түрк дүйнөсүнүн борбору болду
Хива шаары Түрк дүйнөсүнүн борбору болду
Ат-Башыда индустриалдык-соода-логистикалык борбору курулат
Ат-Башыда индустриалдык-соода-логистикалык борбору курулат
Кайсы уюлдук телефондордо “WhatsApp” функциясы иштебейт?
Кайсы уюлдук телефондордо “WhatsApp” функциясы иштебейт?
Унаасына жасалма номер тагып айдагандарга айып пулду көбөйтүү сунушталды
Унаасына жасалма номер тагып айдагандарга айып пулду көбөйтүү сунушталды
Кыргызстандын муфтийи Берлинде өткөн Эл аралык форумга катышууда
Кыргызстандын муфтийи Берлинде өткөн Эл аралык форумга катышууда
Трампка импичмент жарыялоо беренеси эки айыптоодон турат
Трампка импичмент жарыялоо беренеси эки айыптоодон турат
​Гүлжигит Алыкулов “Кайраттын” сунушунан баш тартты(видео)
​Гүлжигит Алыкулов “Кайраттын” сунушунан баш тартты(видео)