Боронов Кыргыз-британ инвестициялык форумуна катышты

Боронов Кыргыз-британ инвестициялык форумуна катышты
14-Ноя. 2019, Бейшемби, 09:51

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Лондон шаарында өткөн 3-Кыргыз-британ инвестициялык форумуна катышты. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Боронов өз сөзүндө Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына жана «Чаарат Голд Холдинг» компаниясына бул иш-чараны колдоолору үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал кыргыз-британ мамилелеринин динамикалуу өнүгүүсүн жогору баалап, ортодогу зор потенциалга өзгөчө көңүл бурдурду. Анын жыйынтыгы катары 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында Улуу Британиядан инвестициялардын түз келип түшүүлөрү 4,5 эсе (көлөмү 64,6 млн долларды түздү) көбөйгөн.

«Жыл сайын өтүүчү инвестициялык форум биздин өлкөлөрдүн бизнес түзүмдөрүнүн ортосунда узак мөөнөттүү кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча өз ара идеяларды жана максаттарды илгерилетүү үчүн кубаттуу өбөлгө катары кызмат өтөйт деп ишенем», – деп белгиледи Боронов.

Биринчи вице-премьер-министр баса көрсөткөндөй, ишкерлердин жана чет элдик инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоого багытталган, Улуу Британиянын жараны Робин Орд Смит мырза жетектеген Бизнес-акыйкатчы институтунун түзүлүшү ата мекендик бизнес үчүн орчундуу окуя болуп саналат.

Анын айтымында, бизнес климатты жакшыртуу, ишкерлик чөйрөсүн колдоо жана чет элдик түз инвестицияларды тартуу боюнча көрүлгөн чаралар алгачкы жыйынтыктарын бере баштады. Алсак, 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча чет элдик түз инвестициялардын агымы дээрлик 40% көбөйүп, 2019-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча 60%га өстү.

Мындан тышкары Боронов ишкерлик үчүн шарттарды жакшыртуу «Бизнес жүргүзүү» эл аралык рейтингине таасир бергенин канааттануу менен белгиледи. Быйыл өлкөбүз «Электр түйүндөрүнө кошулуу», «Салык төлөө» жана «Насыя алуу» боюнча көрсөткүчтөрүн жакшыртып, реформатор өлкөлөрдүн «Бизнес жүргүзүү-2020» ТОП-20 рейтингине кирди.

Ушуну менен бирге кыргыз тарап республикага инвестиция салууга жана туризм, энергетика, өнөр жай, маалыматтык технологиялар сыяктуу инвестиция салууга артыкчылыктуу багыттарды карап чыгууга чакырды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Логистикалык борбордун долбоору боюнча иштер планга ылайык жүрүүдө
Логистикалык борбордун долбоору боюнча иштер планга ылайык жүрүүдө
Кытайдагы вирус кайдан келип чыккан?
Кытайдагы вирус кайдан келип чыккан?
Сырганы кантип тандоо керек?
Сырганы кантип тандоо керек?
Билим берүү министрлигине эл ишеними өстү. Бул акыркы 8 жылдагы эң жогорку көрсөткүч
Билим берүү министрлигине эл ишеними өстү. Бул акыркы 8 жылдагы эң жогорку көрсөткүч
Ормонов: Атамекендик дары-дармек өндүрүүчүлөрдүн абалы оорлошуп баратат
Ормонов: Атамекендик дары-дармек өндүрүүчүлөрдүн абалы оорлошуп баратат
“Франкурт жана Майне”. Бул ирет вице-спикер шаардын атын туура эмес айтып алды
“Франкурт жана Майне”. Бул ирет вице-спикер шаардын атын туура эмес айтып алды
Журналист Канышай Мамыркулова Жеңиш Разаковду сотко берди
Журналист Канышай Мамыркулова Жеңиш Разаковду сотко берди
Үй шартында өзүңүз эле тоник жасап алыңыз!
Үй шартында өзүңүз эле тоник жасап алыңыз!
Өрт өчүрүүчү учак кыйрады
Өрт өчүрүүчү учак кыйрады
Туманга байланыштуу «Манас» аэропортундагы каттамдар жылдырылды
Туманга байланыштуу «Манас» аэропортундагы каттамдар жылдырылды
​Криштиану бир колуна эле 800 миң долларды тагынды
​Криштиану бир колуна эле 800 миң долларды тагынды
Россияда каза болгон жарандардын үчөө кыргызстандык экени аныкталды
Россияда каза болгон жарандардын үчөө кыргызстандык экени аныкталды
Брекзит: 47 жылдан берки биримдик соңуна чыкканы калды
Брекзит: 47 жылдан берки биримдик соңуна чыкканы калды
Челябинскте кыргызстандык унаа жол кырсыгына учурап, 5 адам кайтыш болду
Челябинскте кыргызстандык унаа жол кырсыгына учурап, 5 адам кайтыш болду
Франкурт-На-Майне. Төрага Германиядагы шаардын аталышын туура окуду (видео)
Франкурт-На-Майне. Төрага Германиядагы шаардын аталышын туура окуду (видео)
Сууга лимон кошуп ичүү ден соолукка пайдалуу
Сууга лимон кошуп ичүү ден соолукка пайдалуу