Милиция жумушка кабыл алат

Милиция жумушка кабыл алат
14-Ноя. 2019, Бейшемби, 12:35

Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы полку кенже жетекчилик курамга талапкерлерди кабыл ала турганын билдирди. Бул боюнча ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, жумушка 19 жаштан 30 жашка чейинки курактагылар алынып, сөзсүз түрдо орто билимге ээ болушу абзел. Буга кошумча сот жоопкерчилигине тартылбаган талапкерлер кабыл алынат. Ошону менен бирге аскер кызматын өтөгөн жана бою 170 сантиметрден кем болбошу зарыл.

Толук маалымат боюнча (0312) 46-08-26 номерлерине кайрылса болот.




Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!