"Шумкар" атайын багыттагы полку жарандарды жумушка чакырат

14-Ноя. 2019, Бейшемби, 14:57

Ички иштер министрлигинин "Шумкар" атайын багыттагы полку ички иштер органдарында кызмат өтөө үчүн катардагы жана кенже жетектөөчүлүк курамдык кызматтарга кабыл алууну жарыялайт. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Талаптар: 19 жаштан 30 жашка чейинки, ортодон төмөн эмес билимдүү, мурун кылмыш жоопкерчиликке тартылбаган, анык аскердик кызматты өтөгөн, же үй-бүлөлүк шарттары боюнча альтернативдик кызматты өтөгөн, бою 170 см. кем эмес Кыргыз Республикасынын жарандары.

Дареги Бишкек шаары, Кронштадт көчөсү 17. Байланыш телефону: 46-08-26.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!