Жээнбеков:"Шайлоодо административдик ресурс колдонулбаш керек"

Жээнбеков:
14-Ноя. 2019, Бейшемби, 16:06

Бүгүн, 14-ноябрда Бишкекте Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 30 жылдыгына карата «Кыргызстандын шайлоо комиссиялары — демократиялык өнүгүүнүн тажрыйбасы жана келечеги» аттуу конференцияда президент Сооронбай Жээнбеков БШКнын кызматкерлерин маанилүү мааракеси менен куттуктады.

Президенттик аппараттан маалымдашкандай, мамлкет башчысы өткөн мезгил аралыгында ар кандай деңгээлдеги шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары зор тажрыйба топтогонун белгиледи.

"Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы жана азыркы курамынын күч-аракети менен инновациялык технологияларды колдонууда, шайлоонун ачык-айкындыгын жана аныктыгын камсыз кылууда Кыргызстан постсоветтик өлкөлөрдүн арасында алдыңкы орунга чыкты.Жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу, таза, ачык-айкын, адилет, атаандаш шайлоо өткөрүү максатында жаңы модель ишке киргизилди. Жаңы шайлоо модели боюнча 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо, 2016-жылы референдум, 2017-жылы Кыргызстандын президентин шайлоо өткөрүлдү. Жаңы технологиялар добуш берүүнү бурмалоону толугу менен жойду",- деди Жээнбеков.

"Азыркы мезгилде Кыргызстандын шайлоо системасы өнүгүүнүн жаңы этабына келди. Улуттук шайлоо системасын өнүктүрүү, аны максималдуу түрдө демократиялуу жана мыйзамдуу кылуу максатын койдук. 2018-жылы кабыл алынган Шайлоо жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүүнүн стратегиясында шайлоо жол-жоболоруна жогорку стандарттар коюлган, саясий маданиятты көтөрүү, эркин шайлоонун механизмдерин чыңдоо, санарип технологияларды киргизүү каралган. Жаштардын, улуттардын, аялдардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардан квотасы сакталышын камсыз кылуу зарыл. Шайлоонун жүрүшүнө мыйзамсыз кийлигишүүгө, анын ичинде шайлоочуларды сатып алууга же административдик ресурсту колдонууга катуу бөгөт коюлушу керек. Элдин ишеними болгондо гана шайлоо системасы натыйжалуу болот",- деп кошумчалады мамлекет башчысы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​Тайсон Фьюри техникалык нокаут менен Деонтей Уайлдерди жеңди
​Тайсон Фьюри техникалык нокаут менен Деонтей Уайлдерди жеңди
​Сүйүнчү! Арсалан Будажапов Азия чемпиону болду (видео)
​Сүйүнчү! Арсалан Будажапов Азия чемпиону болду (видео)
​Бир колдуу мушкер 13-мартта таймашка чыгат (видео)
​Бир колдуу мушкер 13-мартта таймашка чыгат (видео)
Рыспаев: Ата-энеңердин үмүтүн актаган жарандардан болгула!
Рыспаев: Ата-энеңердин үмүтүн актаган жарандардан болгула!
Абылгазиев: Өлкөнүн экономикалык  өнүгүшү аны туура пайдалануудан көз каранды
Абылгазиев: Өлкөнүн экономикалык өнүгүшү аны туура пайдалануудан көз каранды
​Лионель Месси атаандашы Роналдуну жырткычка теңеди
​Лионель Месси атаандашы Роналдуну жырткычка теңеди
Шашылыш билдирүү! Бишкек менен Чүйдө бир сааттын ичинде катуу шамал болот
Шашылыш билдирүү! Бишкек менен Чүйдө бир сааттын ичинде катуу шамал болот
Кубатбек Боронов жана Сергей Румас кызматташтык маселелерин талкуулашты
Кубатбек Боронов жана Сергей Румас кызматташтык маселелерин талкуулашты
Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу «Достук» ордени менен сыйланды
Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу «Достук» ордени менен сыйланды
 Коронавирус: Кытайда 300 кыргызстандык бар
Коронавирус: Кытайда 300 кыргызстандык бар
Жылдын таймашы: ​Бүгүн “Уайлдер-Фьюри” реваншы болот
Жылдын таймашы: ​Бүгүн “Уайлдер-Фьюри” реваншы болот
Мугалимдер инклюзивдик билим берүү боюнча квалификациясын жогорулатат
Мугалимдер инклюзивдик билим берүү боюнча квалификациясын жогорулатат
  Бишкектин айрым аймактарында жаратылыш газы өчүрүлөт
Бишкектин айрым аймактарында жаратылыш газы өчүрүлөт
Өткөн жылда өлкөдө эшек, коён жана чочконун саны азайдыбы?
Өткөн жылда өлкөдө эшек, коён жана чочконун саны азайдыбы?
Инклюзивдик класстарда билим алган окуучулардын саны көбөйдү
Инклюзивдик класстарда билим алган окуучулардын саны көбөйдү
Аламүдүн айылында эл ташыган 8 автобус ишке киргени турат
Аламүдүн айылында эл ташыган 8 автобус ишке киргени турат