Президент балет бийчилери менен жолугушту

Президент балет бийчилери менен жолугушту
14-Ноя. 2019, Бейшемби, 18:03

Президент Сооронбай Жээнбеков балеттин артисттери, жубайлар Надырбек уулу Канат жана Ирина Сапожникова менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда президенттик аппараттан билдиришти.

Маалыматка караганда, мамлекет башчысы аларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып, бейформал маанайда баарлашты, алардын профессионалдык ишмердигине кызыкты.

Мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып жатып, Жээнбеков бул алардын көп жылдык талыкпас эмгектеринин натыйжасы экендигин өзгөчө белгиледи.

«Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти» ардактуу наамы Мамлекеттик академиялык Мариинск театрынын Приморск филиалынын балет артисти Надырбек уулу Канатка ыйгарылды.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен Мамлекеттик академиялык Мариинск театрынын Приморск филиалынын прима-балеринасы Сапожникова Ирина Константиновна сыйланды.

Сыйлыктар Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынын өткөрүүгө даярдыктарга жигердүү катышкандыктары үчүн тапшырылды.

Белгилей кетсек, буга чейин Надырбек уулу Канат жана Ирина Сапожникова өлкөдө жок болгондуктан, маданият ишмерлерине сыйлыктарды тапшыруу иш-чарасына катыша албай калышкан.

Бул жолу алар СССРдин эл артисти Чолпонбек Базарбаевдин 70 жылдыгына арналган «Балет, балет…» аталышындагы балет искусствосунун эл аралык фестивалына катышуу үчүн Кыргызстанга келишкен.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​Тайсон Фьюри техникалык нокаут менен Деонтей Уайлдерди жеңди
​Тайсон Фьюри техникалык нокаут менен Деонтей Уайлдерди жеңди
​Сүйүнчү! Арсалан Будажапов Азия чемпиону болду (видео)
​Сүйүнчү! Арсалан Будажапов Азия чемпиону болду (видео)
​Бир колдуу мушкер 13-мартта таймашка чыгат (видео)
​Бир колдуу мушкер 13-мартта таймашка чыгат (видео)
Рыспаев: Ата-энеңердин үмүтүн актаган жарандардан болгула!
Рыспаев: Ата-энеңердин үмүтүн актаган жарандардан болгула!
Абылгазиев: Өлкөнүн экономикалык  өнүгүшү аны туура пайдалануудан көз каранды
Абылгазиев: Өлкөнүн экономикалык өнүгүшү аны туура пайдалануудан көз каранды
​Лионель Месси атаандашы Роналдуну жырткычка теңеди
​Лионель Месси атаандашы Роналдуну жырткычка теңеди
Шашылыш билдирүү! Бишкек менен Чүйдө бир сааттын ичинде катуу шамал болот
Шашылыш билдирүү! Бишкек менен Чүйдө бир сааттын ичинде катуу шамал болот
Кубатбек Боронов жана Сергей Румас кызматташтык маселелерин талкуулашты
Кубатбек Боронов жана Сергей Румас кызматташтык маселелерин талкуулашты
Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу «Достук» ордени менен сыйланды
Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу «Достук» ордени менен сыйланды
 Коронавирус: Кытайда 300 кыргызстандык бар
Коронавирус: Кытайда 300 кыргызстандык бар
Жылдын таймашы: ​Бүгүн “Уайлдер-Фьюри” реваншы болот
Жылдын таймашы: ​Бүгүн “Уайлдер-Фьюри” реваншы болот
Мугалимдер инклюзивдик билим берүү боюнча квалификациясын жогорулатат
Мугалимдер инклюзивдик билим берүү боюнча квалификациясын жогорулатат
  Бишкектин айрым аймактарында жаратылыш газы өчүрүлөт
Бишкектин айрым аймактарында жаратылыш газы өчүрүлөт
Өткөн жылда өлкөдө эшек, коён жана чочконун саны азайдыбы?
Өткөн жылда өлкөдө эшек, коён жана чочконун саны азайдыбы?
Инклюзивдик класстарда билим алган окуучулардын саны көбөйдү
Инклюзивдик класстарда билим алган окуучулардын саны көбөйдү
Аламүдүн айылында эл ташыган 8 автобус ишке киргени турат
Аламүдүн айылында эл ташыган 8 автобус ишке киргени турат