Абылгазиев: 2019-жылы республиканын ИДПсы туруктуу өсүштү көрсөтүүдө

Абылгазиев: 2019-жылы республиканын ИДПсы туруктуу өсүштү көрсөтүүдө
15-Ноя. 2019, Жума, 10:04

2019-жылы республиканын ИДПсы 2018-жылга салыштырмалуу туруктуу өсүштү көрсөтүүдө. Бул тууралуу кечээ, 14-ноябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Өкмөт башчы эгерде 2018-жылы өсүш 3,5%ды түзсө, 2019-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча 6,1%ды түзүп, ЕАЭБдеги жакшы көрсөткүч болгонун кошумчалады.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча экспорт 1,3 млрд долларды түздү, бул өткөн жылдын деңгээлинен 11,7%га жогору. Импорт 7,3%га төмөндөдү. Өкмөт тарабынан ата мекендик экспорттук продукцияларды өндүрүүчүлөрдү колдоо, импорттун көлөмүн азайтуу боюнча иштер жүрүүдө. Бул саясат мындан ары карай дагы улантылат.

Абылгазиев чет элдик түз инвестициялар тууралуу айтып жатып, 2019-жылдын 6 айынын ичинде 394 млн доллар инвестиция тартылып, 2018-жылдын 6 айына салыштырмалуу 59,4%га жогору болгонун билдирди. Мындан тышкары үстүбүздөгү жылдын 9 айында өлкөгө 90 млрд сом инвестиция тартылган, бул 2018-жылдын деңгээлинен 6,3%га көп болду.

«Тышкы карызда 2018-жылдан баштап ИДПга карата тышкы карыздын алгачкы жолу туруктуу төмөндөө тенденциясы орун алды. Эгерде 2017-жылы ИДПга карата тышкы карыздын көлөмү 54% болсо, 2018 – 48% болгон. Ал эми 2019-жылы – 46,5%га чейин жеткирилет. Ички резервдерди натыйжалуу пайдаланып, ашыкча чыгашаларды кыскартуу менен, тапкан каражаттар менен жашоого үйрөнүшүбүз керек деген Өкмөттүн позициясы туруктуу. Бул – бюджет тармагындагы негизги стратегия», – деди Абылгазиев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​Тайсон Фьюри техникалык нокаут менен Деонтей Уайлдерди жеңди
​Тайсон Фьюри техникалык нокаут менен Деонтей Уайлдерди жеңди
​Сүйүнчү! Арсалан Будажапов Азия чемпиону болду (видео)
​Сүйүнчү! Арсалан Будажапов Азия чемпиону болду (видео)
​Бир колдуу мушкер 13-мартта таймашка чыгат (видео)
​Бир колдуу мушкер 13-мартта таймашка чыгат (видео)
Рыспаев: Ата-энеңердин үмүтүн актаган жарандардан болгула!
Рыспаев: Ата-энеңердин үмүтүн актаган жарандардан болгула!
Абылгазиев: Өлкөнүн экономикалык  өнүгүшү аны туура пайдалануудан көз каранды
Абылгазиев: Өлкөнүн экономикалык өнүгүшү аны туура пайдалануудан көз каранды
​Лионель Месси атаандашы Роналдуну жырткычка теңеди
​Лионель Месси атаандашы Роналдуну жырткычка теңеди
Шашылыш билдирүү! Бишкек менен Чүйдө бир сааттын ичинде катуу шамал болот
Шашылыш билдирүү! Бишкек менен Чүйдө бир сааттын ичинде катуу шамал болот
Кубатбек Боронов жана Сергей Румас кызматташтык маселелерин талкуулашты
Кубатбек Боронов жана Сергей Румас кызматташтык маселелерин талкуулашты
Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу «Достук» ордени менен сыйланды
Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу «Достук» ордени менен сыйланды
 Коронавирус: Кытайда 300 кыргызстандык бар
Коронавирус: Кытайда 300 кыргызстандык бар
Жылдын таймашы: ​Бүгүн “Уайлдер-Фьюри” реваншы болот
Жылдын таймашы: ​Бүгүн “Уайлдер-Фьюри” реваншы болот
Мугалимдер инклюзивдик билим берүү боюнча квалификациясын жогорулатат
Мугалимдер инклюзивдик билим берүү боюнча квалификациясын жогорулатат
  Бишкектин айрым аймактарында жаратылыш газы өчүрүлөт
Бишкектин айрым аймактарында жаратылыш газы өчүрүлөт
Өткөн жылда өлкөдө эшек, коён жана чочконун саны азайдыбы?
Өткөн жылда өлкөдө эшек, коён жана чочконун саны азайдыбы?
Инклюзивдик класстарда билим алган окуучулардын саны көбөйдү
Инклюзивдик класстарда билим алган окуучулардын саны көбөйдү
Аламүдүн айылында эл ташыган 8 автобус ишке киргени турат
Аламүдүн айылында эл ташыган 8 автобус ишке киргени турат