ЖАМКнын тергөөчүсү пара менен кармалды

ЖАМКнын тергөөчүсү пара менен кармалды
15-Ноя. 2019, Жума, 10:46

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын Тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-ноябрда ИИМдин Ички иликтөө кызматына О.Н. аттуу жаран кайрылып, ага карата катталган сотко чейинки өндүрүш боюнча маселени оң жакка чечип берүү үчүн 20 миң сом талап кылып жаткан укук коргоо органдарынын кызматкерине карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган.

Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

"Кечээ, 14-ноябрда жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкектеги кафелердин биринен 20 миң сом акча каражатын накталай алып жаткан жеринен ЖАМКнын Тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү, ички кызматтын кенже лейтенанты У.М. кармалган. Ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда, У.М. курткасынын ички чөнтөгүнөн кызматтык күбөлүк табылып, алынган",- деп айтылат маалыматта.

Учурда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Бишкек шаары боюнча Тергөө башкармалыгы иликтөө жүргүзүп жатат.

Белгилей кетсек, ИИМдин Ички иликтөө кызматы ички иштер органдарынын катарынан кызматтык кызыкчылыктарды саткандардан, паракорлордон, мыйзамды бузгандардан, коомчулуктун алдында милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына көө жапкандарды тазалоого багытталган иштерди улантып жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​Тайсон Фьюри техникалык нокаут менен Деонтей Уайлдерди жеңди
​Тайсон Фьюри техникалык нокаут менен Деонтей Уайлдерди жеңди
​Сүйүнчү! Арсалан Будажапов Азия чемпиону болду (видео)
​Сүйүнчү! Арсалан Будажапов Азия чемпиону болду (видео)
​Бир колдуу мушкер 13-мартта таймашка чыгат (видео)
​Бир колдуу мушкер 13-мартта таймашка чыгат (видео)
Рыспаев: Ата-энеңердин үмүтүн актаган жарандардан болгула!
Рыспаев: Ата-энеңердин үмүтүн актаган жарандардан болгула!
Абылгазиев: Өлкөнүн экономикалык  өнүгүшү аны туура пайдалануудан көз каранды
Абылгазиев: Өлкөнүн экономикалык өнүгүшү аны туура пайдалануудан көз каранды
​Лионель Месси атаандашы Роналдуну жырткычка теңеди
​Лионель Месси атаандашы Роналдуну жырткычка теңеди
Шашылыш билдирүү! Бишкек менен Чүйдө бир сааттын ичинде катуу шамал болот
Шашылыш билдирүү! Бишкек менен Чүйдө бир сааттын ичинде катуу шамал болот
Кубатбек Боронов жана Сергей Румас кызматташтык маселелерин талкуулашты
Кубатбек Боронов жана Сергей Румас кызматташтык маселелерин талкуулашты
Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу «Достук» ордени менен сыйланды
Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу «Достук» ордени менен сыйланды
 Коронавирус: Кытайда 300 кыргызстандык бар
Коронавирус: Кытайда 300 кыргызстандык бар
Жылдын таймашы: ​Бүгүн “Уайлдер-Фьюри” реваншы болот
Жылдын таймашы: ​Бүгүн “Уайлдер-Фьюри” реваншы болот
Мугалимдер инклюзивдик билим берүү боюнча квалификациясын жогорулатат
Мугалимдер инклюзивдик билим берүү боюнча квалификациясын жогорулатат
  Бишкектин айрым аймактарында жаратылыш газы өчүрүлөт
Бишкектин айрым аймактарында жаратылыш газы өчүрүлөт
Өткөн жылда өлкөдө эшек, коён жана чочконун саны азайдыбы?
Өткөн жылда өлкөдө эшек, коён жана чочконун саны азайдыбы?
Инклюзивдик класстарда билим алган окуучулардын саны көбөйдү
Инклюзивдик класстарда билим алган окуучулардын саны көбөйдү
Аламүдүн айылында эл ташыган 8 автобус ишке киргени турат
Аламүдүн айылында эл ташыган 8 автобус ишке киргени турат