Тогуз айда 460 миңдей кыргызстандык 22 млрд сом насыя алды

Тогуз айда 460 миңдей кыргызстандык 22 млрд сом насыя алды
15-Ноя. 2019, Жума, 14:52

Ушул жылдын январь айынан сентябрь айына чейинки мезгилде республикадагы чакан кредит берүүчү уюмдар тарабынан 460 миңдей адамга жалпы суммасы 22 млрд сомдук насыялар берилди. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы маалымдады.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда чакан насыя алган калктын саны 35 пайызга, ал эми берилген микрокредиттердин саны 32,8 пайызга көбөйгөн.

Эң эле көп насыя алуучулар Ош областында катталды, алынган насыялардын 21 пайызы аталган областка туура келет. Кийинки орунда Бишкек шаары - 19,1 пайыз, Жалал-Абад областы -14,1 пайыз жана Чүй областы - 13,9 пайыздык көрсөткүч менен турат.

Тогуз айда берилген чакан насыялардын 31,8 пайызы айыл чарбасына, 26,5 пайызы керектөөгө, 12,7 пайызы соода жана коомдук тамактануу тармагына жумшалган.

Насыяларды кайтаруу деңгээли үстүбүздөгү жылдын 9 айында 93,5 пайызды түздү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Ачка калган аюулар айылга жакындады
Ачка калган аюулар айылга жакындады
Айгерим Расул кызына «Жылдын мыкты ырчы айымы» наамы ыйгарылды
Айгерим Расул кызына «Жылдын мыкты ырчы айымы» наамы ыйгарылды
Жеңишбек Жумакадыр: Миң жолу суранса да макул элем
Жеңишбек Жумакадыр: Миң жолу суранса да макул элем
Абылгазиев: Логистикалык борбордо 10 миң жумушчу орун түзүлөт
Абылгазиев: Логистикалык борбордо 10 миң жумушчу орун түзүлөт
Турдакун Ниязалиев жаңы клип тартты
Турдакун Ниязалиев жаңы клип тартты
Марлен Маматалиев:
Марлен Маматалиев: "Мен Жогорку Кеңешке элдин жашоосун өзгөртө алам деген максатта келдим"
Сапаргүл Абдинабиева: Эмнеге жаңы төрөлгөн баланын алгачкы 1000 күнү маанилүү?
Сапаргүл Абдинабиева: Эмнеге жаңы төрөлгөн баланын алгачкы 1000 күнү маанилүү?
Гүлнара Каримованын адвокатына Өзбекстанга кирүүгө тыюу салынды
Гүлнара Каримованын адвокатына Өзбекстанга кирүүгө тыюу салынды
Анжелика Кайратова: Ушакчылардын уялаар күнү да болот
Анжелика Кайратова: Ушакчылардын уялаар күнү да болот
Путиндин
Путиндин "өзөктүк" сумкасын ачык көрсөтүштү
Жаңы жылга даярданып жатасызбы?
Жаңы жылга даярданып жатасызбы?
Жаңы айдоочулук күбөлүктөр бериле баштады
Жаңы айдоочулук күбөлүктөр бериле баштады
Жээнбеков расмий визит менен Бириккен Араб Эмираттарына учуп кетти
Жээнбеков расмий визит менен Бириккен Араб Эмираттарына учуп кетти
"Селсаяк" рейдинин негизинде 17 жаран текшерилди
Бырыш түшкөн колду жашартуучу маска
Бырыш түшкөн колду жашартуучу маска
​Орусия мушкерлери Олимпиадага желексиз катышуудан баш тартты
​Орусия мушкерлери Олимпиадага желексиз катышуудан баш тартты