Путин Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады

Путин Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады
16-Ноя. 2019, Ишемби, 11:32

Россиянын президенти Владимир Путин президент Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда президенттик аппараттан билдиришти.

«Сиздин жетекчилигиңиздин астында Кыргызстан социалдык-экономикалык өнүгүү жолунда ишенимдүү алдыга жылып, регионалдык жана эл аралык иштерге активдүү катышууда. Сиздин, биздин өлкөлөрдүн ортосундагы биримдик жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөдө, ошондой эле евразиялык мейкиндикте өз ара пайдалуу интеграциялык процесстерди алдыга жылдырууда аткарып жаткан иштериңиздерди жогору баалайбыз», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Путин кыргыз-россия күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча биргелешкен конструктивдүү иштерди жана эриш-аркак диалогду улантууга даяр экенин тастыктады.

Россиянын президенти Жээнбековго чың ден-соолук, бакты-таалай, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди каалады.

Андан сырткары, Жээнбековду Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин, Белоруссиянын Президенти Александр Лукашенко, Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев, Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев, Армениянын президенти Армен Саркисян, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Россиянын өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев туулган күнү менен куттукташты.

Белгилей кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков 1958-жылы 16-ноябрда Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тельман айылында туулган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Ачка калган аюулар айылга жакындады
Ачка калган аюулар айылга жакындады
Айгерим Расул кызына «Жылдын мыкты ырчы айымы» наамы ыйгарылды
Айгерим Расул кызына «Жылдын мыкты ырчы айымы» наамы ыйгарылды
Жеңишбек Жумакадыр: Миң жолу суранса да макул элем
Жеңишбек Жумакадыр: Миң жолу суранса да макул элем
Абылгазиев: Логистикалык борбордо 10 миң жумушчу орун түзүлөт
Абылгазиев: Логистикалык борбордо 10 миң жумушчу орун түзүлөт
Турдакун Ниязалиев жаңы клип тартты
Турдакун Ниязалиев жаңы клип тартты
Марлен Маматалиев:
Марлен Маматалиев: "Мен Жогорку Кеңешке элдин жашоосун өзгөртө алам деген максатта келдим"
Сапаргүл Абдинабиева: Эмнеге жаңы төрөлгөн баланын алгачкы 1000 күнү маанилүү?
Сапаргүл Абдинабиева: Эмнеге жаңы төрөлгөн баланын алгачкы 1000 күнү маанилүү?
Гүлнара Каримованын адвокатына Өзбекстанга кирүүгө тыюу салынды
Гүлнара Каримованын адвокатына Өзбекстанга кирүүгө тыюу салынды
Анжелика Кайратова: Ушакчылардын уялаар күнү да болот
Анжелика Кайратова: Ушакчылардын уялаар күнү да болот
Путиндин
Путиндин "өзөктүк" сумкасын ачык көрсөтүштү
Жаңы жылга даярданып жатасызбы?
Жаңы жылга даярданып жатасызбы?
Жаңы айдоочулук күбөлүктөр бериле баштады
Жаңы айдоочулук күбөлүктөр бериле баштады
Жээнбеков расмий визит менен Бириккен Араб Эмираттарына учуп кетти
Жээнбеков расмий визит менен Бириккен Араб Эмираттарына учуп кетти
"Селсаяк" рейдинин негизинде 17 жаран текшерилди
Бырыш түшкөн колду жашартуучу маска
Бырыш түшкөн колду жашартуучу маска
​Орусия мушкерлери Олимпиадага желексиз катышуудан баш тартты
​Орусия мушкерлери Олимпиадага желексиз катышуудан баш тартты