Талас-Тараз автожолундагы көпүрөнү курууга гранттык каражат бөлүнөт

 Талас-Тараз автожолундагы көпүрөнү курууга гранттык каражат бөлүнөт
18-Ноя. 2019, Дүйшөмбү, 18:03

Жогорку Кеңештин тармактык комитети кыргыз өкмөтү менен япон агенттигинин (JICA) ортосунда “Талас-Тараз” автожолундагы Үйүрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрөнү кайра куруу долбоорунун концепциясын жактырды.

Транспорт министрлигинин маалыматына караганда, Талас-Тараз автожолундагы Үйүрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрөнү кайра куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында, Япон өкмөтү Кыргызстанга 1 млрд 785 млн япон иени өлчөмүндө грант берүү чечимин кабыл алды.

“Талас-Тараз автожолундагы Үйүрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрөнү кайра куруу” долбоору Казакстан менен автотранспорттук байланышты камсыздаган “Талас-Тараз” автожолунун 82 км иштеп турган көпүрөнүн ордуна, Үйүрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрө курууну караштырат. Ошону менен бирге долбоордо кыймылдын коопсуздугун жана туруктуулугун камсыздоо максатында көпүрөгө келген жолдорду да жакшыртуу белгиленген.

Депутат Руслан Казакбаев Талас-Тараз-Суусамыр жолуна алынган насыяга аудит жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 1 млн доллар каражаттын уурдалганы аныкталганын эске салып, ал иштин азыркы абалына кызыкты.

Транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатканын, анын жыйынтыгы боюнча маалымат бериле турганын айтты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Назира Айтбекова: Апам түгөй күтүп, бактылуу болуусу абзел!
Назира Айтбекова: Апам түгөй күтүп, бактылуу болуусу абзел!
Финполиция Бишкекте мыйзамсыз бензин сатып жаткан түйүндү аныктады
Финполиция Бишкекте мыйзамсыз бензин сатып жаткан түйүндү аныктады
Арыктоого балансталган азыктар
Арыктоого балансталган азыктар
Евро биримдик Брекзит келишимин колдоду
Евро биримдик Брекзит келишимин колдоду
Экотехинспекциянын директорун кызматтан алуу сунушталды
Экотехинспекциянын директорун кызматтан алуу сунушталды
Жээнбеков президенттик ишмердүүлүгүндөгү эң артыкчылыктуу багыттын айтты
Жээнбеков президенттик ишмердүүлүгүндөгү эң артыкчылыктуу багыттын айтты
 Айпери Кулбаева жаңы ыр жыйнагын сунуштады (видео)
Айпери Кулбаева жаңы ыр жыйнагын сунуштады (видео)
Сорос климаттагы өзгөрүүлөр жана авторитаризм менен күрөшөт
Сорос климаттагы өзгөрүүлөр жана авторитаризм менен күрөшөт
Дүйнөдөгү эң күчтүү смартфон аныкталды
Дүйнөдөгү эң күчтүү смартфон аныкталды
Санариптештирүү боюнча чечимди аткарбаган жетекчилерге катуу чара көрүлөт
Санариптештирүү боюнча чечимди аткарбаган жетекчилерге катуу чара көрүлөт
“Мекен” тасмасынын бет ачары 19-мартка жылды (видео)
“Мекен” тасмасынын бет ачары 19-мартка жылды (видео)
Алайда билим алып жаткан этникалык кыргыздарга окуу китептери бөлүндү
Алайда билим алып жаткан этникалык кыргыздарга окуу китептери бөлүндү
ДСУ вирус боюнча билдирүү таратты
ДСУ вирус боюнча билдирүү таратты
Аткезчилик жол менен алынып келинген «Лексус GS-250» унаасы кармалды
Аткезчилик жол менен алынып келинген «Лексус GS-250» унаасы кармалды
Назми Байзакова: “Эл эмне дейт’’ дегендин сизге эч тиешеси жок!
Назми Байзакова: “Эл эмне дейт’’ дегендин сизге эч тиешеси жок!
Сыздоок чыккан кезде аны кантип эмдөө керек?
Сыздоок чыккан кезде аны кантип эмдөө керек?