Экспорттун көлөмү 1 млрд доллардан ашты

Экспорттун көлөмү 1 млрд доллардан ашты
19-Ноя. 2019, Шейшемби, 17:03

2019-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын экспортунун көлөмү 1 млрд 356, 5 млн долларды түздү. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мааалыматка караганда, учурда ата мекендик товарлар дүйнөдөгү 87 өлкөгө экспорттолууда. Негизинен булар Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги, Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ), Европа биримдиги (ЭБ), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (БДСУ) мүчө-өлкөлөр сындуу биримдиктер боюнча өнөктөш-өлкөлөр.

Кыргыз продукциясынын дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүнө экспорттолушу (млн $)

Биримдиктер ЭКСПОРТ (янв-авг) ИМПОРТ (янв-авг)
2019-ж2018-ж2019-ж2018-ж
Бардыгы1192,11075,93192,33517,5
БДСУ1072,0943,43003,53351,7
ЕБ529,8383,1188,2203,8
КМШ528,3579,71498,11523,5
ЕАЭБ391,6425,91316,61372,3
Үчүнчү өлкөлөр800,5650,01875,72145,2

Учурда республика товардык номенклатуралардын 100дөн ашык тобун экспорттойт. Негизинен айыл чарба продукциялары экспорттолот. Акыркы 9 айында 51,2 млн долларга 91750,0 тонна жашылча экспорттолгон. Мисалы: төө буурчак 30 мамлекетке экспорттолуп, анын жалпы салмагы 52 616,0 тоннаны түздү.

Сүт азыктары 20 031 тонна көлөмүндө Казакстанга жана Россияга экспорттолууда. Дүйнөнүн бир канча мамлкети кыргыз балын сатып алууда. Ушул жылдын январь айынан августка чейин 300 тонна асел экспорттолду. Мындан тышкары биздин өлкө Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө эт азыктарын ташый баштады.

2019-жылдын 9 айында ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүнүн көлөмү 2 млрд долларга жетти, бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда бир аз төмөн. Муну менен бирге ЕАЭБ өлкөлөрүнө жана жалпы эле импорттун төмөндөшү байкалууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​Тайсон Фьюри техникалык нокаут менен Деонтей Уайлдерди жеңди
​Тайсон Фьюри техникалык нокаут менен Деонтей Уайлдерди жеңди
​Сүйүнчү! Арсалан Будажапов Азия чемпиону болду (видео)
​Сүйүнчү! Арсалан Будажапов Азия чемпиону болду (видео)
​Бир колдуу мушкер 13-мартта таймашка чыгат (видео)
​Бир колдуу мушкер 13-мартта таймашка чыгат (видео)
Рыспаев: Ата-энеңердин үмүтүн актаган жарандардан болгула!
Рыспаев: Ата-энеңердин үмүтүн актаган жарандардан болгула!
Абылгазиев: Өлкөнүн экономикалык  өнүгүшү аны туура пайдалануудан көз каранды
Абылгазиев: Өлкөнүн экономикалык өнүгүшү аны туура пайдалануудан көз каранды
​Лионель Месси атаандашы Роналдуну жырткычка теңеди
​Лионель Месси атаандашы Роналдуну жырткычка теңеди
Шашылыш билдирүү! Бишкек менен Чүйдө бир сааттын ичинде катуу шамал болот
Шашылыш билдирүү! Бишкек менен Чүйдө бир сааттын ичинде катуу шамал болот
Кубатбек Боронов жана Сергей Румас кызматташтык маселелерин талкуулашты
Кубатбек Боронов жана Сергей Румас кызматташтык маселелерин талкуулашты
Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу «Достук» ордени менен сыйланды
Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу «Достук» ордени менен сыйланды
 Коронавирус: Кытайда 300 кыргызстандык бар
Коронавирус: Кытайда 300 кыргызстандык бар
Жылдын таймашы: ​Бүгүн “Уайлдер-Фьюри” реваншы болот
Жылдын таймашы: ​Бүгүн “Уайлдер-Фьюри” реваншы болот
Мугалимдер инклюзивдик билим берүү боюнча квалификациясын жогорулатат
Мугалимдер инклюзивдик билим берүү боюнча квалификациясын жогорулатат
  Бишкектин айрым аймактарында жаратылыш газы өчүрүлөт
Бишкектин айрым аймактарында жаратылыш газы өчүрүлөт
Өткөн жылда өлкөдө эшек, коён жана чочконун саны азайдыбы?
Өткөн жылда өлкөдө эшек, коён жана чочконун саны азайдыбы?
Инклюзивдик класстарда билим алган окуучулардын саны көбөйдү
Инклюзивдик класстарда билим алган окуучулардын саны көбөйдү
Аламүдүн айылында эл ташыган 8 автобус ишке киргени турат
Аламүдүн айылында эл ташыган 8 автобус ишке киргени турат