Мектептин шиферлерин шамал учуруп кетти

26-Май 2017, Жума

Өзгөн районундагы Кызыл-Тоо мектебинин шиферлерин шамал учуруп кетти, жеринде ӨКМнин кызматкерлери иш алып барууда. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди

Алардын маалыматты боюнча, 25-май күнү кечинде болгон шамалдын кесепетинен, Кызыл-Тоо айылындагы орто мектептин 80 даана шиферин шамал учуруп кеткен.

Азыркы учурда жеринде ӨКМнин райондун башчысы жана Жарандык коргонуу коммиссиясы аныктоо иштерин жүргүзүп жатат.

Кошумча маалымат берилет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!