Чуулгандуу иликтөө боюнча президенттик аппарат билдирүү таратты

Чуулгандуу иликтөө боюнча президенттик аппарат билдирүү таратты
22-Ноя. 2019, Жума, 15:13

ММК өкүлдөрүнүн «Азаттык» жана «Клооп» медиа ресурстарынын журналисттик иликтөөсүнүн айланасында комментарий сурап кайрылгандыгына байланыштуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева билдирүү таратты.

Андагы билдирүүдө президент Сооронбай Жээнбековдун 2-ноябрдагы ММК өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда «Азаттык» радиосунун Бишкектеги бюросунун жетекчиси Айзада Касмалиева Жээнбековдун Хабибулла Абдукадыр менен болгон тааныштыгы тууралуу суроо берип, жооп алганы айтылат.

"Кийин биз кененирээк комментарий берип, анда белгиленгендей, Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун губернатору болуп иштеп турган 2012-жылы Ош шаарында инвесторлорду тартуу максатында «Кичи жана орто бизнести өнүктүрүү» деген Инвестициялык форум болгон. Ага 300дөн ашык адам катышкан. Эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнөн тышкары Россия, Кытай, Иран, Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан, Түштүк Кореядан расмий өкүлдөр жана ири ишкерлер келишкен. Ош областы экономикалык, гуманитардык кызматташуусун тереңдетүү максатында жакынкы өлкөлөрдүн облустары менен байланыштарды чыңдаган. Алардын катарында КЭР Кызыл-Суу Кыргыз автономдук областы менен достук мамиле түзгөн. Жогоруда аталган 2012-жылы өткөн инвестициялык форумга Кызыл-Суу Кыргыз автономдук облусунун губернатору Фархат Турду менен чогуу Х. Абдукадырдын иниси келген, ошондо таанышкан",- деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле билдирүүдө жогоруда аталган форумдан кийин Жээнбеков ал экөө менен чогуу ошол кездеги өлкөнүн президенти Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болушканы, кийин, 2017-жылы иниси аркылуу Атамбаев жана Жээнбековдун Абдукадыр менен жалпы таанышуусу болгону айтылат. Андан кийин алардын Атамбаев менен мамилеси кандай өнүктү, бул тууралуу Жээнбековго белгилүү эмес экени да белгиленген.

"Журналисттик иликтөөдө «бул иштердин активдүүлүгү 2012-2016-жылдарга тиешелүү» деп белгиленген, тактап айтканда бул Атамбаевдин президент болуп турган маалы. Коомчулукка белгилүү болгондой, 2018-жылдын 8-февралындагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Жээнбеков укук коргоо органдарынын ишин ачык сынга алган. Иш жүзүндө, жалпысынан системаны жана иликтөөдө келтирилген схемаларды жаңы Мамлекет башчысы кабыл алган эмес. Анын жыйынтыктары белгилүү — бүгүнкү күндө Атамбаев ага коюлган 5 айып боюнча тергөөдө. Ар кандай күчтөр президент Жээнбековду бул журналисттик иликтөөдө айтылган чөйрө менен байланыштырууга аракет кылат деген пикирдебиз. Ошондуктан, Жээнбековдун Абдукадыр менен чогуу бизнес-долбоорлору болгон эмес жана жок экендигин расмий билдиребиз. Андай байланыштары болсо, иликтөөнүн авторлору буларды тастыктаган өз жүйөөлөрүн сөзсүз келтирмек. Материалда маанилүү аргумент катары Абдукадырдын Жээнбековдун инаугурациясынан тартылып алынган сүрөтү келтирилип жатат. Мында элдин эмоциялык кабыл алуусуна таасир этүү аракети көбүрөөк. Бирок, бул эмоционалдык штрих дагы негизсиз. Анткени, өлкөнүн шайланган президенти Жээнбековдун инаугурациясын уюштуруу иштери, анын ичинде чакырылгандардын тизмесин түзүү жана отургузуп, жайгаштыруу маселелерин толугу менен Кыргызстандын президентинин, тактап айтканда Атамбаевдин Аппараты тескеген. Жээнбековго бөлүнүп берилген орундар чектелүү болгондуктан, ал туугандарын гана чакырган",- деп айтылат билдирүүдө.

Белгилүү болгондой, президент Жээнбеков журналисттик иликтөөлөр коомчулукка, укук коргоо органдарына жана президентке өлкөнү өнүктүрүүгө тоскоол болгон башкы көйгөй — коррупция менен күрөшүүгө жардам берерин ар дайым белгилейт. Ошондуктан материалда келтирилген жагдайларга көңүл бурулат. Албетте, укук коргоо органдар материалда айтылган жүйөөлөрдү эске алат. Буга чейин Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Түркиянын Башкы прокуратурасына А. Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча ишти иликтөөдө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган. Саймаитинин ысмы Кыргызстан менен байланышып жаткандыктан, анын Кыргызстандын жараны эмес экендигине карабастан, кыргыз тарап анын өлтүрүлүшүн иликтөө иштерине катышары белгиленген билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Time журналы жыл мыктысын тандады: Грета Тунберг
Time журналы жыл мыктысын тандады: Грета Тунберг
Ассоль Молдокматова онкологиялык оорусунан айыкты
Ассоль Молдокматова онкологиялык оорусунан айыкты
Баңгизатты мыйзамсыз сатып жүргөн жаран колго түштү
Баңгизатты мыйзамсыз сатып жүргөн жаран колго түштү
Актан Рыскелдиев: Тарыхыбыздын башталганына 11 жыл болду
Актан Рыскелдиев: Тарыхыбыздын башталганына 11 жыл болду
Жол кырсыгынан 3 адам катуу жаракат алды
Жол кырсыгынан 3 адам катуу жаракат алды
Оштун чыгармачыл жаштары Жаңы жылга өзгөчө белек камдашууда
Оштун чыгармачыл жаштары Жаңы жылга өзгөчө белек камдашууда
Минюра Рахимжанова: Бийик деңгээлдеги музыкада өзүмдү сынап жатам
Минюра Рахимжанова: Бийик деңгээлдеги музыкада өзүмдү сынап жатам
Абылгазиев: Билим берүүнү экономика менен байланыштырып кароо керек
Абылгазиев: Билим берүүнү экономика менен байланыштырып кароо керек
Айсулуу Молдалиева: Бактылуу болгула, үйлөнгүлө
Айсулуу Молдалиева: Бактылуу болгула, үйлөнгүлө
​Эң көп ызы-чуу жараткан спортчулар аталды
​Эң көп ызы-чуу жараткан спортчулар аталды
Калориялуу тамактарды сиңирүү үчүн кандай көнүгүү жасаш керек?
Калориялуу тамактарды сиңирүү үчүн кандай көнүгүү жасаш керек?
Ошто вакансиялар жарманкеси болот
Ошто вакансиялар жарманкеси болот
Чойбеков:
Чойбеков: "Кумтөрдө" жоголгондорду издөөгө кошумча күчтөрдү тартуу зарыл
Майрамга карата кабаттуу үйлөрдөгү кондиционерлер алынууда
Майрамга карата кабаттуу үйлөрдөгү кондиционерлер алынууда
​Дүйнө Кубогу: мушкер Азат Үсөналиев чейрек финалга чыкты
​Дүйнө Кубогу: мушкер Азат Үсөналиев чейрек финалга чыкты
Момбеков: Карышкырдан коркпогон кыргыздар үч буттуу камерадан коркуп калышты
Момбеков: Карышкырдан коркпогон кыргыздар үч буттуу камерадан коркуп калышты