Изилдөө: Ар бир төртүнчү аял жумуш ордунда асылууга кабылат

Изилдөө: Ар бир төртүнчү аял жумуш ордунда асылууга кабылат
22-Ноя. 2019, Жума, 17:22

Жогорку Кеңештин депутаттар тобу Бишкек шаарында өткөн «Сексуалдык асылуулар жаатында аялдар менен кыздар үчүн сот адилеттүүлүгүнүн жеткиликтүү болуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү» темасындагы «тегерек столго» катышты.

Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы, Аял-судьялардын кыргыз ассоциациясынын Байкоочулар кеңешинин төрайымы Чынара Айдарбекованын айтымында, сексуалдык асылуу жосундары көп кездешет, бирок андай күнөө менен соттолгон адам жок.

«Улуттук мыйзамдарда аялдардын укугун коргоого багытталган зордуктоо, зомбулук көрсөтүү, мажбурлап никеге тургузуу сындуу 8 берене бар, бирок «сексуалдык асылуу» деген атайын берене жок. Ошондон улам, бул маселени кеңири талкуулап, мыйзамдык жолго салуу зарылчылыгы бар», - деди ал.

Жогорку Кеңештин депутаты, Депутат-айымдар форумунун башчысы Айсулуу Мамашова кыргыз эли – башынан эле аялзатты өтө сыйлап келген калк. Ошого карабастан, акыркы мезгилде сексуалдык асылуу жосундары артып барат, бирок аны чектеген мыйзам жок. Албетте, аялды зордуктаган адам соттолот. Ал эми аялга асылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун уга дагы, көрө дагы элекмин, андай адамдардын кылыгын жаап-жашырып, көп болсо жумуштан бошотуп коюшат экен», - деди эл өкүлү.

Ал эми депутат Элвира Сурабалдиева сексуалдык асылуу жосундарына кабылган аялдар менен кыздардан келген кайрылууларды эске салуу менен, депутаттар тобу «Сексуалдык асылуулар жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыкканын билдирди.

Белгилей кетсек, социологиялык изилдөөлөр көрсөткөндөй, сурамжыланган аялдардын үчтөн экиси коомчулукта сексуалдык асылуу көйгөйү бар экенин моюнга алса, ар бир төртүнчү аял жумуш ордунда мындай жосунга өзү дагы туш болгонун билдирген. Анын 80 пайызы мамлекеттик мекемелерде орун алган. Сексуалдык асылууларга кабылган аялдардын басымдуу бөлүгү кайда кайрылууну билишпейт же коомчулуктун талкуусунда калуудан жалтакташат. Ал эми мындай факты боюнча укук коргоо органдарына кайрылган бир дагы учур болгон эмес.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Ачка калган аюулар айылга жакындады
Ачка калган аюулар айылга жакындады
Айгерим Расул кызына «Жылдын мыкты ырчы айымы» наамы ыйгарылды
Айгерим Расул кызына «Жылдын мыкты ырчы айымы» наамы ыйгарылды
Жеңишбек Жумакадыр: Миң жолу суранса да макул элем
Жеңишбек Жумакадыр: Миң жолу суранса да макул элем
Абылгазиев: Логистикалык борбордо 10 миң жумушчу орун түзүлөт
Абылгазиев: Логистикалык борбордо 10 миң жумушчу орун түзүлөт
Турдакун Ниязалиев жаңы клип тартты
Турдакун Ниязалиев жаңы клип тартты
Марлен Маматалиев:
Марлен Маматалиев: "Мен Жогорку Кеңешке элдин жашоосун өзгөртө алам деген максатта келдим"
Сапаргүл Абдинабиева: Эмнеге жаңы төрөлгөн баланын алгачкы 1000 күнү маанилүү?
Сапаргүл Абдинабиева: Эмнеге жаңы төрөлгөн баланын алгачкы 1000 күнү маанилүү?
Гүлнара Каримованын адвокатына Өзбекстанга кирүүгө тыюу салынды
Гүлнара Каримованын адвокатына Өзбекстанга кирүүгө тыюу салынды
Анжелика Кайратова: Ушакчылардын уялаар күнү да болот
Анжелика Кайратова: Ушакчылардын уялаар күнү да болот
Путиндин
Путиндин "өзөктүк" сумкасын ачык көрсөтүштү
Жаңы жылга даярданып жатасызбы?
Жаңы жылга даярданып жатасызбы?
Жаңы айдоочулук күбөлүктөр бериле баштады
Жаңы айдоочулук күбөлүктөр бериле баштады
Жээнбеков расмий визит менен Бириккен Араб Эмираттарына учуп кетти
Жээнбеков расмий визит менен Бириккен Араб Эмираттарына учуп кетти
"Селсаяк" рейдинин негизинде 17 жаран текшерилди
Бырыш түшкөн колду жашартуучу маска
Бырыш түшкөн колду жашартуучу маска
​Орусия мушкерлери Олимпиадага желексиз катышуудан баш тартты
​Орусия мушкерлери Олимпиадага желексиз катышуудан баш тартты