Жүргүнчүнү суу ташыган унаа коюп кетти

26-Май 2017, Жума

Бишкекте ГАЗ-53 үлгүсүндөгү суу ташыган унаанын айдоочусу жүргүнчүнү сүзүп алды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 25-май күнү саат 19:00 чамасында Ала-Тоо жаңы конушунда болгон. 36 жаштагы айдоочу жолдон өтүп бараткан 50 жаштагы шаар тургунун унаасы менен коюп кеткен. Жабырлануучу ошол жерден жан берген.

Азыркы тапта тиешелүү экспертизалар дайындалып, унаа айып жайга токтотулуп, ишти тергөөгө өткөрүп беришти.

«Ошондой эле унаанын айдоочусу милиция кызматкерлери келгенче эч жакка кеткен эмес. Текшерүүнүн жыйынтыгында анын соо экендиги аныкталган»,- деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!