​Балык уулаган 2 жаран кармалады

26-Май 2017, Жума

Экологиялык техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын Жумгал жана Кочкор райондору боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз балык улоого каршы текшерүүдө 800 метр тор, моторлуу кайык менен 2 жаран кармалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

“Эки жаран Орто-Токой суу сактагычында мыйзамсыз балык улоого аракет кылышып, бирок инспекторлор тарабынан ыкчам иш-аракеттердин негизинде кармалды. Жеринде жарандардын өздүгү такталып, тийиштүү кагаздар толтурулду. Торлор өрттөлүп, кармалган жарандарга мыйзам чегинде чара көрүү максатында материалдар Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлдү”,-деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!