Чокморовдун музей-өнөрканасы ачылды (фото)

26-Май 2017, Жума

Бүгүн, 26-майда Бишкекте Сүймөнкул Чокморовдун музей-өнөрканасынын ачылышы болду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Музейге келген көрүүчүлөр сүрөтчү, актерду архивде сакталып калган сүрөт эмгектери, чыгармалары, сыйлыктары буюмдары менен жакындан тааныша алышат.


Чокморовдун сүрөтчүсүнүн музей-чеберканасына Токтогул №170 (Исанов көчөсү менен кесилишет) дареги боюнча келип таанышса болот.

Суймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Чоң-Таш айлында туулган. Ал “Караш-Караш окуясы”, “Ысык-Көлдүн кызгалдактары” жана башка тасмаларга тартылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!