Саймаитинин өлүмү: Башкы прокуратура шектүүлөрдүн атын атады

Саймаитинин өлүмү: Башкы прокуратура шектүүлөрдүн атын атады
30-Ноя. 2019, Ишемби, 12:12

Кыргызстандын башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов киши колдуу болуп каза болгон Айэркен Саймаитинин өлүмү боюнча Түркия Республикасынын башкы прокурору А. Акажа менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди.

Андагы маалыматта Түркиянын башкы прокурору Саймаитинин өлүмү боюнча төрт шектүү кармалгандыгы айтылат.

“Жүргүзүлгөн сурактын алкагында, кылмышка шектүү Хусейн Акматалиев жана Абдуллах Энвер, Сирияда жайгашкан өзбек улутундагы Адем аттуу өздүгү такталбаган адам Айэркен Саймаититини аларга аны өлтүрүүнү айткандыгын, бул аракети үчүн 100 миң АКШ доллары бериле тургандыгы келишилгендиги аныкталган”, – деп жазылган Түркиянын Башкы прокуратурасы жиберген маалым катта.

“Азаттыктын” иликтөөсүндө аты аталган Айэркен Саймаити 10-ноябрь күнү атып өлтүрүлгөн. Окуя кечки маалда Стамбул шаарынын Фатих аймагындагы мейманканалардын биринде болгон. Ал өтүрүлгөн жерде «Range Rover» үлгүсүндөгү дипломатиялык номер тагылган автоунаа табылган. Ал унаа ошол кездеги башкы консул Эркин Споковго тиешелүү болгон. Учурда киши колдуу болуп каза тапкан ишкер Айэркен Саймаитини бир нече жолу коркутууга кабылгандыгы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Бул ишти иликтөө үчүн УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы, Ички иштер министрлиги жана Финансы полициясы менен биргеликте тергөө тобу түзүлдү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Евробиримдик Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдойт
Евробиримдик Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдойт
“Ачка сүрөтчү” 150 миң долларлык бананды жеп алды
“Ачка сүрөтчү” 150 миң долларлык бананды жеп алды
Эльнара Гулиева: “Тишти сакташ үчүн сөзсүз фильтрленген суу ичүү абзел!
Эльнара Гулиева: “Тишти сакташ үчүн сөзсүз фильтрленген суу ичүү абзел!"
Кыргызстан СASA-1000 боюнча электр энергиясын экспорттой баштайт
Кыргызстан СASA-1000 боюнча электр энергиясын экспорттой баштайт
Батукаев иши: соттук отурум 12-декабрга калды
Батукаев иши: соттук отурум 12-декабрга калды
Кыргызстанда тогуз айда 73 миң жумушчу орун түзүлдү
Кыргызстанда тогуз айда 73 миң жумушчу орун түзүлдү
ЕАЭБде эң аз айлык акы алгандар кыргызстандыктар
ЕАЭБде эң аз айлык акы алгандар кыргызстандыктар
11-декабрь: абанын температурасы +15 градуска чейин жылыйт
11-декабрь: абанын температурасы +15 градуска чейин жылыйт
Чилиде Антарктидага бараткан аскердик учак кыйрады
Чилиде Антарктидага бараткан аскердик учак кыйрады
Паракорчулук: Жылда 1 триллион доллар пара берилет
Паракорчулук: Жылда 1 триллион доллар пара берилет
​Лионель Месси АКШга кетеби?
​Лионель Месси АКШга кетеби?
Эң көп колдонулган дары-дармектердин тизмеги
Эң көп колдонулган дары-дармектердин тизмеги
Россия ири спорттук иш-чаралардан 4 жылга четтетилди
Россия ири спорттук иш-чаралардан 4 жылга четтетилди
Бишкек-Новосибирск багыты боюнча поезд каттамы иштей баштады
Бишкек-Новосибирск багыты боюнча поезд каттамы иштей баштады
Беттеги бырыштардан арылгыңыз келеби?
Беттеги бырыштардан арылгыңыз келеби?
​Роналдунун уулу балдар футболунун эң мыктысы аталды (видео)
​Роналдунун уулу балдар футболунун эң мыктысы аталды (видео)