Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кумтөрдө жоголгон кызматкерлерди издөө үчүн бардык күчтөрдү мобилизациялоону, зарыл болсо издөөгө катышкандардын санын көбөйтүү жана окуянын себептерин иликтөөнү тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Алдын ала маалыматтар боюнча, 1-декабрда таңкы 5:43тө Лысый жээк өрөөнүндөгү кендин үйүлгөн жараксыз катмары кескин түрдө жылган. Ошол учурда аймакта тоо кен өндүрүшү бөлүмүнүн операторлору иштеп жаткан. Тоо кен бөлүмүнүн мастерлери диспетчерлерге үйүлгөн катмардын жылганы тууралуу маалыматты бергенден кийин, токтоосуз тоо кен өндүрүшү бөлүмүнүн бардык кызматкерлерине коопсуз аймакка эвакуациялоо тууралуу сигнал берилген.
Өндүрүштөгү зарылчылыкка байланыштуу токтоосуз эвакуациялоо тууралуу сигнал түшкөндөн кийин коопсуз аймакка алып чыгуу максатында тоо кен бөлүмүнүн мастерлеринин бири О.Ишенбеков Форд пикап үлгүсүндөгү кызматтык унаа менен көтөрүлүп, бульдозердин машинисти Ж.Жунушовду алып чыгышы мүмкүн. Бирок тоо кен өндүрүшү бөлүмүнүн эвакуацияланган кызматкерлери чогулган жерде Ишенбеков жана Жунушов жок болуп чыккан, алар рацияга да жооп берген эмес.
Жыйынтыгында кооптуу аймакка техника менен кызматкерлердин баруусу толугу менен токтулган. Учурда Ишенбеков жана Жунушов дайынсыз деп эсептелүүдө.
Окуя тууралуу дайынсыз болгон кызматкерлердин жакын туугандарына жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик кызматкерлерге, анын ичинде ӨКМга, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына жана укук коргоо органдарына өз убагында маалымдалган.
Учурда жогоруда аты аталган жарандарды издеп табуу үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүүдө. ӨКМдин куткаруучулары издөө-куткаруу иштерин жүргүзүп жатышат. Окуя боюнча териштирүү башталып, кендин үйүлүп турган жараксыз катмарынын жылышынын себептери тиешелүү адистер тарабынан иликтенип жатат.
Бул кырдаалдын себептерин аныктоо тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте жүргүзүлөт.
"Окуядан кийин кенде өндүрүштүк процесс толук бойдон токтотулган. Кендин үйүлгөн жараксыз катмары жылышып кеткен участок кендин негизги өндүрүш объекттерине коркунуч туудурбайт жана борбордук карьерден, калдыктарды сактоочу жайдан жана Петров көлүнөн коопсуз аралыкта жайгашкан.
Бош породалар болгон кендин үйүлгөн жараксыз катмарында эч кандай зыяндуу заттар жок жана курчап турган чөйрөгө коркунуч жаратпайт",- деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, издөө-куткаруу иштерине ӨКМдин26 куткаруучусу, аны менен бирге куткаруучу иттер, КГК ЖЧКсынын авариялык-куткаруу командасынын 12 мүчөсү тартылган. Ошондой эле издөө үчүн бардык зарыл техника тартылды.