УКМК: «Азаттыктын»​ иликтөөсү боюнча Абылгазиев, Сулайманов да суракка чакыртылат

УКМК: «Азаттыктын»​ иликтөөсү боюнча Абылгазиев, Сулайманов да суракка чакыртылат
2-Дек. 2019, Дүйшөмбү, 15:25

Ушул жылдын 2-декабрында «Азаттык» радиосунун журналисттери, алардын арасында иликтөөнүн автору Али Токтакунов суракка чакырылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматтай айтылгандай, иликтөө иштерин ар тараптуу жана ачык айкын өткөрүү максатында Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Дүйшөнкул Торокулов, экс-депутат Ширин Айтматова, жарандык активисттер, президенттин инаугурациясын өткөрүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү Фарид Ниязов, Мухаммедкалый Абылгазиев, Турдуназир Бекбоев жана башкалар чакырылмакчы.

«Азаттык Медиа» мекемеси коомчулукта резонанс жараткан соңку журналисттик иликтөөлөрүнө байланыштуу укук коргоо органдары менен кызматташууга даяр экенин, ушундан улам күбө катары суракка чакырылган журналисттер чет өлкөдө болгондугуна карабастан скайп аркылуу тийиштүү суроолорго жооп берүүгө даяр экендигин билдирди.

Иликтөөдө аты аталып, Түркияда киши колдуу болуп каза болгон Айэркен Сайматинин өлүмү боюнча Башкы прокуратура "Киши өлтүрүүгө аракет жасоо" беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган. Учурда мекемелер аралык тергөө тобу иштеп жатат.

Премьер-министр Мухаммдекалый Абылгазиев иликтөө боюнча пикирин билдирип, анда айтылган акчалардын чыгарылып кетиши боюнча президенттин катышуусунда жыйын өткөнүн айткан.

22-ноябрда «Азаттык» радиосу “Бажыдагы миллиондор: калкалоо жана карактоо" аттуу иликтөөсүн жарыялаган. Анда бажыдагы товар өткөрүүнүн көмүскө схемалары, миллиондогон акчаларды адалдоо тууралуу сөз болот.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Евробиримдик Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдойт
Евробиримдик Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдойт
“Ачка сүрөтчү” 150 миң долларлык бананды жеп алды
“Ачка сүрөтчү” 150 миң долларлык бананды жеп алды
Эльнара Гулиева: “Тишти сакташ үчүн сөзсүз фильтрленген суу ичүү абзел!
Эльнара Гулиева: “Тишти сакташ үчүн сөзсүз фильтрленген суу ичүү абзел!"
Кыргызстан СASA-1000 боюнча электр энергиясын экспорттой баштайт
Кыргызстан СASA-1000 боюнча электр энергиясын экспорттой баштайт
Батукаев иши: соттук отурум 12-декабрга калды
Батукаев иши: соттук отурум 12-декабрга калды
Кыргызстанда тогуз айда 73 миң жумушчу орун түзүлдү
Кыргызстанда тогуз айда 73 миң жумушчу орун түзүлдү
ЕАЭБде эң аз айлык акы алгандар кыргызстандыктар
ЕАЭБде эң аз айлык акы алгандар кыргызстандыктар
11-декабрь: абанын температурасы +15 градуска чейин жылыйт
11-декабрь: абанын температурасы +15 градуска чейин жылыйт
Чилиде Антарктидага бараткан аскердик учак кыйрады
Чилиде Антарктидага бараткан аскердик учак кыйрады
Паракорчулук: Жылда 1 триллион доллар пара берилет
Паракорчулук: Жылда 1 триллион доллар пара берилет
​Лионель Месси АКШга кетеби?
​Лионель Месси АКШга кетеби?
Эң көп колдонулган дары-дармектердин тизмеги
Эң көп колдонулган дары-дармектердин тизмеги
Россия ири спорттук иш-чаралардан 4 жылга четтетилди
Россия ири спорттук иш-чаралардан 4 жылга четтетилди
Бишкек-Новосибирск багыты боюнча поезд каттамы иштей баштады
Бишкек-Новосибирск багыты боюнча поезд каттамы иштей баштады
Беттеги бырыштардан арылгыңыз келеби?
Беттеги бырыштардан арылгыңыз келеби?
​Роналдунун уулу балдар футболунун эң мыктысы аталды (видео)
​Роналдунун уулу балдар футболунун эң мыктысы аталды (видео)