ЕРӨБ Исфана шаарын суу менен камсыздоого 5 млн евро бөлөт

ЕРӨБ Исфана шаарын суу менен камсыздоого 5 млн евро бөлөт
2-Дек. 2019, Дүйшөмбү, 17:10

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Кыргызстан менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Исфана шаарындагы суу менен жабдуу тутумун калыбына келтирүү” долбоору боюнча Кредиттик макулдашуу жана Гранттык макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, келишимдин алкагында долбоорду ишке ашыруу багытында 15 жылдык мөөнөткө 1 пайыздык үстөгү менен 5 млн евро көлөмүндө каражат берилмекчи. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү – 3 жыл. Каражаттын 1,6 млн евросу жеңилдетилген насыя жана 3,4 млн евросу грант болуп саналат.

Белгилей кетсек, долбоордун жыйынтыгы менен 33 900 адам таза суу менен камсыз болуусу күтүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Евробиримдик Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдойт
Евробиримдик Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдойт
“Ачка сүрөтчү” 150 миң долларлык бананды жеп алды
“Ачка сүрөтчү” 150 миң долларлык бананды жеп алды
Эльнара Гулиева: “Тишти сакташ үчүн сөзсүз фильтрленген суу ичүү абзел!
Эльнара Гулиева: “Тишти сакташ үчүн сөзсүз фильтрленген суу ичүү абзел!"
Кыргызстан СASA-1000 боюнча электр энергиясын экспорттой баштайт
Кыргызстан СASA-1000 боюнча электр энергиясын экспорттой баштайт
Батукаев иши: соттук отурум 12-декабрга калды
Батукаев иши: соттук отурум 12-декабрга калды
Кыргызстанда тогуз айда 73 миң жумушчу орун түзүлдү
Кыргызстанда тогуз айда 73 миң жумушчу орун түзүлдү
ЕАЭБде эң аз айлык акы алгандар кыргызстандыктар
ЕАЭБде эң аз айлык акы алгандар кыргызстандыктар
11-декабрь: абанын температурасы +15 градуска чейин жылыйт
11-декабрь: абанын температурасы +15 градуска чейин жылыйт
Чилиде Антарктидага бараткан аскердик учак кыйрады
Чилиде Антарктидага бараткан аскердик учак кыйрады
Паракорчулук: Жылда 1 триллион доллар пара берилет
Паракорчулук: Жылда 1 триллион доллар пара берилет
​Лионель Месси АКШга кетеби?
​Лионель Месси АКШга кетеби?
Эң көп колдонулган дары-дармектердин тизмеги
Эң көп колдонулган дары-дармектердин тизмеги
Россия ири спорттук иш-чаралардан 4 жылга четтетилди
Россия ири спорттук иш-чаралардан 4 жылга четтетилди
Бишкек-Новосибирск багыты боюнча поезд каттамы иштей баштады
Бишкек-Новосибирск багыты боюнча поезд каттамы иштей баштады
Беттеги бырыштардан арылгыңыз келеби?
Беттеги бырыштардан арылгыңыз келеби?
​Роналдунун уулу балдар футболунун эң мыктысы аталды (видео)
​Роналдунун уулу балдар футболунун эң мыктысы аталды (видео)