Адилет Чубаков: “Кыргызстандын туризмин көрсөтөбүз”

29-Май 2017, Дүйшөмбү

Коомдук телерадио берүү корпарациясында көрсөтүлүп келген “КТРК Кербени” теледолбоорунун 3-сезону башталды. Бул жолку телеберүү мурдагы көрсөтүүлөргө салыштырмалуу өзгөрүүлөр кирген. Бул тууралуу алып баруучу Адилет Чубаков билдирди.

Анын айтымында, “КТРК Кербени” теле долбоорунун алгачкы берүүсү Ош, Баткен облусундагы кооз жерлерди тартуудан башталган.

“Учурда бул теледолбоорду даярдаган топ Ош, Баткен облусунда жүрөт. Мурунку көрсөтүүлөрүндө өзгөчө каармандарды, оор тагдырга кабылган жарандарды, эмгекчил инсандарды эфирге чыгарып келген болсок, бул жолкусунда андай каармандар чыгарылбайт. Кыргызстандын туризмине басым жасап, жаратылышы кооз, тарыхый мааниге ээ жерлерди көрсөтмөкчүбүз. Алып баруучуларда дагы өзгөрүүлөр болду. Кесиптешим Элиза Жайлообаева башка көрсөтүүлөрдү алып баргандыгына байланыштуу анын ордуна кесиптешим Медина Найманова экөөбүз алып барабыз”,-деди Адилет Чубаков.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!