Касымалиева: Мэрия шылдыңдагансып “маска тагынып алгыла” деп койду

Касымалиева: Мэрия шылдыңдагансып “маска тагынып алгыла” деп койду
5-Дек. 2019, Бейшемби, 11:41

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева абанын булганышына байланыштуу өкмөт тараптан бирдиктүү план жок болуп жатканын сынга алды. Ал ар бир мекеме өзүнүн эле маалыматын берүү менен гана токтолуп жатканын айтып, бирдиктүү реакция болбой жатканын айтты. “Кечээ, бүгүн эле күн ачылып калса унутуп калбашыбыз керек”, – деп түшүндүрдү ал.

“Өкмөттөн эч кандай маалымат уга алган жокпуз. Кара түтүн кайсы жактан чыгып жатат? Жаңыртылган ЖЭБденби, унааданбы? Же жеке сектордо отун, көмүр жакканданбы? Айрым жарандар айтып жатат, бирок экспертиза керек”, – деди Касымалиева.

Ал ошондой эле Саламаттык сактоо министрлиги, мэрия да жакшы иштебей жатканына токтолуп, министрлик абанын зыяндуулугу боюнча күндө маалымат берип турушу керектигин айтты.

“Абанын зыяндуулуу жөнүндө көп адамдар билбейт экен. Бирдиктүү реакция болгон жок. Эң башкысы, мэрия реакция жасаган жок. Шылдыңдагансып “маска тагынып алгыла” деп койду. Ыкчам, узак мөөнөттөгү чараларды карап чыгыш керек”, – деп кошумчалады эл өкүлү.

Кыргызгидрометтин синоптиктеринин билдирүүсү боюнча 3-4-декабрда Бишкек шаарында аба массасынын алмашуусу орун алган. Натыйжада азыркы убакта абадагы кирдетүүчү заттардын кармалышы төмөн экендиги байкалган. Эгерде ноябрьдын акыркы 3 күнү бул заттын кармалышы 440-448 мкг/м3 чейин жеткен болсо, кечээ эртеӊ менен бул көрсөткүч 11-13 мкг/м3 түзүп, 34 эсе азайган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Президент эсин жоготконун айтты
Президент эсин жоготконун айтты
Өмүрүңүздү бакытка бөлөй турган кеңештер
Өмүрүңүздү бакытка бөлөй турган кеңештер
Сый акыга сүйүнгөн кабарчы элден кечирим сурады
Сый акыга сүйүнгөн кабарчы элден кечирим сурады
​Айсулуу Тыныбекова “Тарых жаратуучу” деп аталды
​Айсулуу Тыныбекова “Тарых жаратуучу” деп аталды
Россиянын жаңы учагы сынак учурунда кулады
Россиянын жаңы учагы сынак учурунда кулады
Каракчылык кылган 4 бет капчан адамдын бирөө кармалды
Каракчылык кылган 4 бет капчан адамдын бирөө кармалды
Кыргызстанда 12 гана балдар психиатры бар. Алдардын көбү пенсия курагында
Кыргызстанда 12 гана балдар психиатры бар. Алдардын көбү пенсия курагында
2019-жылдын эң начар кинолору аталды
2019-жылдын эң начар кинолору аталды
​Флойд Мейвейзер эң көп акы төлөнгөн спортчу аталды
​Флойд Мейвейзер эң көп акы төлөнгөн спортчу аталды
Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолуна кар көчкү түштү
Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолуна кар көчкү түштү
Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков маалымат жыйынын өткөрөт
Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков маалымат жыйынын өткөрөт
“Сүйүнчү! Чоң апам эгиз төрөйт!” тасмасы 30-январдан баштап көрсөтүлөт
“Сүйүнчү! Чоң апам эгиз төрөйт!” тасмасы 30-январдан баштап көрсөтүлөт
Бек Борбиевдин “Боенбой кел” деген ыры хит болобу? (видео)
Бек Борбиевдин “Боенбой кел” деген ыры хит болобу? (видео)
Асема уулуна Байхан деген ысым ыйгарды
Асема уулуна Байхан деген ысым ыйгарды
Дайыр Исмадияров “Нур” тобунун ырын жаңылап аткарып чыгат
Дайыр Исмадияров “Нур” тобунун ырын жаңылап аткарып чыгат
Анжелика Кайратова айымдар үчүн тренинг өткөрөт
Анжелика Кайратова айымдар үчүн тренинг өткөрөт