Жалал-Абадда жалган маалыматтар менен тилемчилик кылгандарга айып пул салынып, дана алар каттоого алынды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад ШИИБи коомдук тартипти сактоо кызматы тарабынан шаар аймагында коомдук тартипти сактоо, кылмыштардын жана жоруктардын алдын алуу, ошондой эле кылмыш жасоого көмөк көрсөткөн себептерди аныктоо, аларды жоюу максатында "Укук жана тартип" аталышындагы рейд жүрүүдө.
"Рейдин учурунда 24 жаштагы кыз улгайган кемпирдин кийимин кийип, жүзүн жаап, кайырчылык кылып жүргөндүгү белгилүү болду. Ал эми 46 жаштагы аял Жалал-Абад шаарындагы асма көпүрөдө “менин эжем рак оорусу менен ооруйт” деген жалган маалымат камтылган баракчаны көтөрүп тилемчилик кылаары такталды", - деп айтылат маалыматта.
Рейд учурунда кармалган жарандардын бармак издери алынып, Жалал-Абад шаардык Ички иштер башкармалыгына каттоого алынган. Тиешелүү материалдар топтолуп, айыппулдар салынды.
Мындан сырткары көчөдө мас абалында баласына көңүл бурбай жүргөн бир аял аныкталып, анын 8 жаштагы баласы Жалал-Абад шаардык Эмгек жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн адистери менен биргеликте “Ак-Жол” балдарды коргоо бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
Белгилей кетсек, жогоруда аталган рейд 7-декабрга чейин улантылат.