Сабиров: «Азаттыктын» иликтөөсүндөө айтылгандар палатада талкууланууга тийиш

Сабиров: «Азаттыктын» иликтөөсүндөө айтылгандар палатада талкууланууга тийиш
5-Дек. 2019, Бейшемби, 12:44

Бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров «Азаттык» радиосу берген журналисттик иликтөөгө токтолуп, анда ант берген офицерлердин айткандарына көӊүл бурду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашты.

«Анда ант берген чек ара кызматкерлери – майор Камчыбеков менен улук лейтенант Осмонбеков «Манас» аэропортундагы көзөмөл-өткөрүү бекетинен акчалар кантип ташылып турганын айтышкандыгы үчүн кылмыш иши ачылып качып жүрүшкөндүгүн айтып жатышат»,- деген депутат биз кандай шартта жашап жатабыз деген суроо тууларын баса белгиледи.

«Бул жөн маселе эмес, бул мамлекеттик коопсуздук. Баарын акыйкат териштирип чыгуу керек. Алардын айткандарына реакция кылуу зарыл. Карап чыгып, палатада талкууланууга тийиш»,- деди Сабиров.

Белгилей кетсек, 22-ноябрда «Азаттык» радиосу“Бажыдагы миллиондор: калкалоо жана карактоо" аттуу иликтөөсүн жарыялаган. Анда бажыдагы товар өткөрүүнүн көмүскө схемалары, миллиондогон акчаларды адалдоо тууралуу сөз болот. Бул иликтөөдө аты аталып, Түркияда киши колдуу болуп каза болгон Айэркен Сайматинин өлүмү боюнча Башкы прокуратура "Киши өлтүрүүгө аракет жасоо" беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган. Учурда мекемелер аралык тергөө тобу иштеп жатат.

Премьер-министр Мухаммдекалый Абылгазиев иликтөө боюнча пикирин билдирип, анда айтылган акчалардын чыгарылып кетиши боюнча президенттин катышуусунда жыйын өткөнүн айткан.

Ошондой эле 2-декабрда "Азаттыктын" журанлисттери, алардын арасында иликтөөнүн автору Али Токтакунов УКМКга суракка чакырлыган.

Иликтөө иштерин ар тараптуу жана ачык айкын өткөрүү максатында Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Дүйшөнкул Торокулов, экс-депутат Ширин Айтматова, жарандык активисттер, президенттин инаугурациясын өткөрүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү Фарид Ниязов, Мухаммедкалый Абылгазиев, Турдуназир Бекбоев жана башкалар чакырылары беогилүү болгон.

«Азаттык Медиа» мекемеси коомчулукта резонанс жараткан соңку журналисттик иликтөөлөрүнө байланыштуу укук коргоо органдары менен кызматташууга даяр экенин, ушундан улам күбө катары суракка чакырылган журналисттер чет өлкөдө болгондугуна карабастан скайп аркылуу тийиштүү суроолорго жооп берүүгө даяр экендигин билдирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Абылгазиев социалдык объекттилердин абалы менен таанышты
Абылгазиев социалдык объекттилердин абалы менен таанышты
​КМШ өлкөлөрү оюндары Казанда өтөт
​КМШ өлкөлөрү оюндары Казанда өтөт
​WADA эң көп допинг эрежесин бузган өлкөлөрдү атады
​WADA эң көп допинг эрежесин бузган өлкөлөрдү атады
Импичмент чечими Сенатка жиберилди. Эми эмне болот?
Импичмент чечими Сенатка жиберилди. Эми эмне болот?
Бабанов: Президент Жээнбековго ыраазычылык билдирем (видео)
Бабанов: Президент Жээнбековго ыраазычылык билдирем (видео)
Бабанов: Жаңы муунга байракты өткөрүү убактысы келди (видео)
УКМК: Эл аралык террористтик уюмдун чет өлкөлүк мүчөсү кармалды
УКМК: Эл аралык террористтик уюмдун чет өлкөлүк мүчөсү кармалды
Путин эмдигиче “эски” компьютер колдонот
Путин эмдигиче “эски” компьютер колдонот
 Кенжебаевге байланыштуу кылмыш иши тергеле баштады
Кенжебаевге байланыштуу кылмыш иши тергеле баштады
Ден соолукта болом десеңиз
Ден соолукта болом десеңиз
​
​"Барселона" Мессиге жаңы келишим сунуштады
Быйыл Кыргызстанда 1 млн 519 миң тонна сүт өндүрүлдү
Быйыл Кыргызстанда 1 млн 519 миң тонна сүт өндүрүлдү
Кыргызстанда жумушсуздардын саны 16.1 пайызга жогорулады
Кыргызстанда жумушсуздардын саны 16.1 пайызга жогорулады
Жыйырма күндө жыйырма килограмм ашыкча салмактан арылыңыз!
Жыйырма күндө жыйырма килограмм ашыкча салмактан арылыңыз!
Токтогул, Үч-Коргон, Ат-Башы ГЭСтерин оңдоо 2023-жылы аяктайт
Токтогул, Үч-Коргон, Ат-Башы ГЭСтерин оңдоо 2023-жылы аяктайт
Россия менен Украина газ транзити боюнча жалпы макулдашты
Россия менен Украина газ транзити боюнча жалпы макулдашты