Депутат Курманкул Зулушев «Феминале» деп аталган көргөзмөдө жылаңачтанып чыккан кыздардын жоругуна укук коргоо органдары укуктук баа бериши керектигин айткан эле.
Депутаттын суроосуна жооп берген Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев сөз болуп жаткан окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынгандыгын айтты.
“Биз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, бүгүнкү күнү Музейдеги болгон иштер боюнча жана музейдин директорунун арызынын негизинде “коркунуч туудурулган” деген маселелер боюнча тергөө иштери жүрүп жатат”, – деди министр.
Бүгүн Жогорку Кеңеш уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү, ЕАЭБдин алкагында жана үчүнчү өлкөлөрдөн эсепке алынбаган, аткезчилик жол менен ташылып келген товарлар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу өкмөттүн маалыматын угуп жатат.
29-ноябрда Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинде аялдардын экономикалык эркиндигин коргоо максатында «Феминале» деп аталган феминисттик көргөзмө өткөрүлгөн. Бул көргөзмөдө жылаңачтанып чыккан кыздар коомчулуктун тепкисинде калып, алардын мындай иш-аракети социалдык тармакта азыр да талкууланып жатат.
Маданият маалымат жана туризм министрлиги искусство үйүндө жылаңач денесин көрсөткөн кыздардын болуусуна каршы экендигин билдирип, “заманбап искусствонун мындай провокациялык чакырыктарын колдобойт”,-деп расмий позициясын айткан.
Бул окуядан кийин Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинин директору Мира Жангарачева өзүнүн жазган арызынын негизинде кызматын тапшырып, музейдеги айрым экспонаттар алынып салынган.