Арпачиев: Спорт боюнча 21 жолдомо алууга ниеттенип жатабыз

Арпачиев: Спорт боюнча 21 жолдомо алууга ниеттенип жатабыз
6-Дек. 2019, Жума, 16:16

Вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекованын төрагалыгы алдында Кыргызстандын спортчуларынын 2020-жылы Токиодо өтө турган жайкы Олимп жана Паралимпиадалык июндарга катышуусуна даярдык көрүү маселеси боюнча жыйын болду. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Арпачиев Кыргызстан спорттун 13 түрү боюнча 21 жолдомо алууга ниеттенип жатканын белгиледи. Алар: эркин, грек-рим жана аялдар күрөшү, дзюдо, жеңил атлетика, бокс, оор атлетика, беш түрлүү көнүгүүлөрдөн турган спорттук мелдеш, сууда сүзүү, ок атуу, фехтование, жаа атуу жана триатлон. Ал эми спорттун Паралимпиадалык түрлөрү боюнча кеминде 3 жолдомо утуу мерчемделди.

Муну менен катар жыйында медаль уткан спортчуларды бир жолку сый акы менен сыйлоо маселеси дагы талкууланды.

Ошондой эле вице-премьер-министр: «Биз эң жогорку жетишкендиктерге жетүү үчүн спортчуларыбызга бардык шарттарды түзүп беришибиз керек»,- деп билдирди.

Белгилей кетсек, XXXII жайкы Олимп оюндары Токиодо 2020-жылдын 24-июлунан тарта 9-августка чейин өтөт. Аталган Олимп оюндарына 5 кыргыз спортчусу жолдомо алган. Тактап айтканда, учурда Кыргызстандын капчыгында Айсулуу Тыныбекова (спорттук күрөш), Денис Петрашов (сууда сүзүү), Юлия Андреева (жеңил атлетика), Атабек Азизбеков (грек-рим күрөшү) жана Дарья Масловалар (жеңил атлетика) уткан беш жолдомо бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Назира Айтбекова: Апам түгөй күтүп, бактылуу болуусу абзел!
Назира Айтбекова: Апам түгөй күтүп, бактылуу болуусу абзел!
Финполиция Бишкекте мыйзамсыз бензин сатып жаткан түйүндү аныктады
Финполиция Бишкекте мыйзамсыз бензин сатып жаткан түйүндү аныктады
Арыктоого балансталган азыктар
Арыктоого балансталган азыктар
Евро биримдик Брекзит келишимин колдоду
Евро биримдик Брекзит келишимин колдоду
Экотехинспекциянын директорун кызматтан алуу сунушталды
Экотехинспекциянын директорун кызматтан алуу сунушталды
Жээнбеков президенттик ишмердүүлүгүндөгү эң артыкчылыктуу багыттын айтты
Жээнбеков президенттик ишмердүүлүгүндөгү эң артыкчылыктуу багыттын айтты
 Айпери Кулбаева жаңы ыр жыйнагын сунуштады (видео)
Айпери Кулбаева жаңы ыр жыйнагын сунуштады (видео)
Сорос климаттагы өзгөрүүлөр жана авторитаризм менен күрөшөт
Сорос климаттагы өзгөрүүлөр жана авторитаризм менен күрөшөт
Дүйнөдөгү эң күчтүү смартфон аныкталды
Дүйнөдөгү эң күчтүү смартфон аныкталды
Санариптештирүү боюнча чечимди аткарбаган жетекчилерге катуу чара көрүлөт
Санариптештирүү боюнча чечимди аткарбаган жетекчилерге катуу чара көрүлөт
“Мекен” тасмасынын бет ачары 19-мартка жылды (видео)
“Мекен” тасмасынын бет ачары 19-мартка жылды (видео)
Алайда билим алып жаткан этникалык кыргыздарга окуу китептери бөлүндү
Алайда билим алып жаткан этникалык кыргыздарга окуу китептери бөлүндү
ДСУ вирус боюнча билдирүү таратты
ДСУ вирус боюнча билдирүү таратты
Аткезчилик жол менен алынып келинген «Лексус GS-250» унаасы кармалды
Аткезчилик жол менен алынып келинген «Лексус GS-250» унаасы кармалды
Назми Байзакова: “Эл эмне дейт’’ дегендин сизге эч тиешеси жок!
Назми Байзакова: “Эл эмне дейт’’ дегендин сизге эч тиешеси жок!
Сыздоок чыккан кезде аны кантип эмдөө керек?
Сыздоок чыккан кезде аны кантип эмдөө керек?