Президент Абдыганы Эркебаев менен Бахтияр Салиевди кабыл алды

Президент Абдыганы Эркебаев менен  Бахтияр Салиевди кабыл алды
6-Дек. 2019, Жума, 17:48

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-декабрда Кыргызстан Эл ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Абдыганы Эркебаевди жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Бахтияр Салиевди кабыл алды.

Президенттик аппараттан маалымдашкандай, этникалар аралык мамилелер жаатында мамлекеттик саясатты жакшыртуу боюнча чаралар талкууланды.

Мамлекет башчысы жарандык тынчтык жана этникалар аралык ынтымак кандай гана мамлекеттин болбосун туруктуу өнүгүшүнүн зарыл шарттары экенин өзгөчө белгиледи. Элдин биримдигин бекемдеп, Кыргызстандын этникалык көп түрдүүлүгүн өнүктүрүү үчүн натыйжалуу чараларды иштеп чыгуу зарылдыгын баса белгиледи.

Жээнбеков коомду бириктирүүдө, элдин ынтымак-ырашкерлигин жана жарандык жалпылыгын бекемдөөдө Кыргызстан элинин ассамблеясынын жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин өзгөчө ролун белгиледи.

Ошондой эле региондорду өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясат, аны жакшыртуу боюнча чаралар тууралуу пикир алмашуу болду.

Эркебаев жана Салиев Мамлекет башчысына этностор аралык ынтымакты, жарандык тынчтыкты жана Кыргызстан элинин биримдигин бекемдөөгө ар тараптан көмөктөшүү боюнча жаңы улуттук документти иштеп чыгуу аягына чыгып калганын маалымдашты.

Анда бүгүнкү күндүн реалдуулуктарын жана чакырыктарын эске алуу менен заманбап, актуалдуу чаралар чагылдырылары баса белгиленди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн
Абылгазиев: Жаштарды тарбиялоодо кинематографтын ролу кыйла маанилүү
Абылгазиев: Жаштарды тарбиялоодо кинематографтын ролу кыйла маанилүү
Министр Жаманкулов тарый музейи эмне себептен ачылбай жатканын айтты
Министр Жаманкулов тарый музейи эмне себептен ачылбай жатканын айтты
Мээге терс таасир эте турган адаттар
Мээге терс таасир эте турган адаттар
Элдин акчасын уурдап жүргөн шектүү Москвадан кармалды
Элдин акчасын уурдап жүргөн шектүү Москвадан кармалды
Германия кесипкөй адистерге муктаж
Германия кесипкөй адистерге муктаж
Апта соңунда төмөнкү салатты жасап көрүңүз!
Апта соңунда төмөнкү салатты жасап көрүңүз!
​Хиджабын чечкендиги үчүн өлкөсүнө бара албай жатат
​Хиджабын чечкендиги үчүн өлкөсүнө бара албай жатат
Ашказан рак оорусунун алгачкы белгилери кандай болот?
Ашказан рак оорусунун алгачкы белгилери кандай болот?
Франция Ортоңку Чыгышка учак кемесин жиберет
Франция Ортоңку Чыгышка учак кемесин жиберет
18-январь: абанын температурасы +6 градус болот
18-январь: абанын температурасы +6 градус болот
Борбор калаанын театрлары Россияга гастролго чыгышат
Борбор калаанын театрлары Россияга гастролго чыгышат
​Бокс боюнча дүйнө чемпиону допинг менен кармалды
​Бокс боюнча дүйнө чемпиону допинг менен кармалды
Чүйдө өрт кырсыктарынын саны 23,7 пайызга төмөндөдү
Чүйдө өрт кырсыктарынын саны 23,7 пайызга төмөндөдү