Жол кырсыгына кабылган Сокулук РИИБнын жетекчиси кызматынан четтетилди

Жол кырсыгына кабылган Сокулук РИИБнын жетекчиси кызматынан четтетилди
9-Дек. 2019, Дүйшөмбү, 10:16

Ысык-Ата районунда болгон жол кырсыгы боюнча Сокулук райондук милициясынын башчысы Максат Чойбеков кызматынан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чойбеков катышкан жол кырсыгы боюнча факты Ысык-Ата райондук милициясынын Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынган.

"Толук жана калыс иликтөө жүргүзүү үчүн сотко чейинки өндүрүш ишинин материалдары Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына алынган. Андан тышкары, Сокулук райондук милициясынын башчысы тергөө аяктаганча кызматынан четтетилди", - деп айтылат маалыматта.

Учурда ички иликтөөлөр кызматы кызматтык иликтөө жүргүзүүдө. Ошондой эле баардык керектүү соттук-медициналык, соттук-автотехникалык экспертизалар дайындалып, сотко чейинки иш жүрүүдө.

Белгилей кетсек, 7-декабрда таңкы саат 04:00 чамасында Бишкек-Торугарт жолунда Сокулук РИИБинин башчысы Максат Чойбеков өзүнө тиешелүү "Мерседес-Бенц" үлгүсүндөгү жеңил унаасы менен "Мерседес-Спринтер" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен кагышкан. Анын натыйжада жүк ташуучу унаанын айдоочусу учурда оор абалда ооруканда жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Назира Айтбекова: Апам түгөй күтүп, бактылуу болуусу абзел!
Назира Айтбекова: Апам түгөй күтүп, бактылуу болуусу абзел!
Финполиция Бишкекте мыйзамсыз бензин сатып жаткан түйүндү аныктады
Финполиция Бишкекте мыйзамсыз бензин сатып жаткан түйүндү аныктады
Арыктоого балансталган азыктар
Арыктоого балансталган азыктар
Евро биримдик Брекзит келишимин колдоду
Евро биримдик Брекзит келишимин колдоду
Экотехинспекциянын директорун кызматтан алуу сунушталды
Экотехинспекциянын директорун кызматтан алуу сунушталды
Жээнбеков президенттик ишмердүүлүгүндөгү эң артыкчылыктуу багыттын айтты
Жээнбеков президенттик ишмердүүлүгүндөгү эң артыкчылыктуу багыттын айтты
 Айпери Кулбаева жаңы ыр жыйнагын сунуштады (видео)
Айпери Кулбаева жаңы ыр жыйнагын сунуштады (видео)
Сорос климаттагы өзгөрүүлөр жана авторитаризм менен күрөшөт
Сорос климаттагы өзгөрүүлөр жана авторитаризм менен күрөшөт
Дүйнөдөгү эң күчтүү смартфон аныкталды
Дүйнөдөгү эң күчтүү смартфон аныкталды
Санариптештирүү боюнча чечимди аткарбаган жетекчилерге катуу чара көрүлөт
Санариптештирүү боюнча чечимди аткарбаган жетекчилерге катуу чара көрүлөт
“Мекен” тасмасынын бет ачары 19-мартка жылды (видео)
“Мекен” тасмасынын бет ачары 19-мартка жылды (видео)
Алайда билим алып жаткан этникалык кыргыздарга окуу китептери бөлүндү
Алайда билим алып жаткан этникалык кыргыздарга окуу китептери бөлүндү
ДСУ вирус боюнча билдирүү таратты
ДСУ вирус боюнча билдирүү таратты
Аткезчилик жол менен алынып келинген «Лексус GS-250» унаасы кармалды
Аткезчилик жол менен алынып келинген «Лексус GS-250» унаасы кармалды
Назми Байзакова: “Эл эмне дейт’’ дегендин сизге эч тиешеси жок!
Назми Байзакова: “Эл эмне дейт’’ дегендин сизге эч тиешеси жок!
Сыздоок чыккан кезде аны кантип эмдөө керек?
Сыздоок чыккан кезде аны кантип эмдөө керек?