Президент: Сот бийлигине ишеним болгондо гана өнүгүү болот

Президент: Сот бийлигине ишеним болгондо гана өнүгүү болот
9-Дек. 2019, Дүйшөмбү, 11:09

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргызстандын сот системасынын 95 жылдыгына арналган иш-чарага катышууда. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө адилеттүү, ачык-айкын, көз карандысыз сот системасын курбай туруп, мамлекетти өнүктүрүүгө мүмукүн эместигин, ансыз экономиканы, социалдык чөйрөнү алга сүрөө, жарандардын укугун коргоо, адилет мамлекеттик башкарууну түзүү мүмкүн эместигин белгиледи.

"Бардык тармактарда тең реформаларды ийгиликтүү ишке ашыруу — сот системасынан көз каранды экенин өзүбүздүн тажрыбайбыз көрсөттү. Ошондуктан сот реформасын — жалпы өлкөнүн өнүгүүсүнө түздөн-түз таасир эткен реформа катары кабыл алуу керек",- деди Жээнбеков.

"Сотко болгон ишеним — жалпы мамлекеттик бийликке болгон ишеним. Сот бийлигине ишеним болгондо гана алга жылуу, өнүгүү болот. Сот реформасынын ишке ашырылбай, артка жылдырылып келгени — өлкөбүздүн өнүгүүсүнө кедерги болгон тоскоолдуктардын бири болду. Ошондуктан, эч кылчактабай, реформаны аягына чыгаруу керек. Мамлекет бул иште сотторго ар тараптан колдоо көрсөтүп жатат. Ошол эле учурда, маселенин көбү соттордун корпусунун ичинде чечиле турганын, судьялардын өзүнө гана байланыштуу экенин — башкалар эмес, сиздер жакшы түшүнөсүздөр. Албетте, соттор көз каранды эмес болушу зарыл. Башкалардын таасири менен туура эмес чечим чыгаруу мүмкүндүгүн жоюу керек. Бирок, сот бийлигинин көз карандысыздыгын — жеке судьянын өзүм билемдиги деп түшүнүүгө болбойт. Ар бир судья кабыл алган чечими үчүн өлкөбүздүн, коомубуздун алдында жоопкер",- деп кошумчалады президент.

Белгилей кетсек, 1993-жылдын 5-майында көз карандысыз Кыргызстандын Конституциясы кабыл алынып, анда бийликтин аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот бутактарына бөлүштүрүү принциби бекитилген. Сот бийлигинин көз карандысыздыгын жана соттордун ролун күчөтүү боюнча маанилүү кадамдар жасалган.Көз карандысыз КРнын Жогорку сотунун биринчи төрагасы Качкынбай Бообеков болгон.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Назира Айтбекова: Апам түгөй күтүп, бактылуу болуусу абзел!
Назира Айтбекова: Апам түгөй күтүп, бактылуу болуусу абзел!
Финполиция Бишкекте мыйзамсыз бензин сатып жаткан түйүндү аныктады
Финполиция Бишкекте мыйзамсыз бензин сатып жаткан түйүндү аныктады
Арыктоого балансталган азыктар
Арыктоого балансталган азыктар
Евро биримдик Брекзит келишимин колдоду
Евро биримдик Брекзит келишимин колдоду
Экотехинспекциянын директорун кызматтан алуу сунушталды
Экотехинспекциянын директорун кызматтан алуу сунушталды
Жээнбеков президенттик ишмердүүлүгүндөгү эң артыкчылыктуу багыттын айтты
Жээнбеков президенттик ишмердүүлүгүндөгү эң артыкчылыктуу багыттын айтты
 Айпери Кулбаева жаңы ыр жыйнагын сунуштады (видео)
Айпери Кулбаева жаңы ыр жыйнагын сунуштады (видео)
Сорос климаттагы өзгөрүүлөр жана авторитаризм менен күрөшөт
Сорос климаттагы өзгөрүүлөр жана авторитаризм менен күрөшөт
Дүйнөдөгү эң күчтүү смартфон аныкталды
Дүйнөдөгү эң күчтүү смартфон аныкталды
Санариптештирүү боюнча чечимди аткарбаган жетекчилерге катуу чара көрүлөт
Санариптештирүү боюнча чечимди аткарбаган жетекчилерге катуу чара көрүлөт
“Мекен” тасмасынын бет ачары 19-мартка жылды (видео)
“Мекен” тасмасынын бет ачары 19-мартка жылды (видео)
Алайда билим алып жаткан этникалык кыргыздарга окуу китептери бөлүндү
Алайда билим алып жаткан этникалык кыргыздарга окуу китептери бөлүндү
ДСУ вирус боюнча билдирүү таратты
ДСУ вирус боюнча билдирүү таратты
Аткезчилик жол менен алынып келинген «Лексус GS-250» унаасы кармалды
Аткезчилик жол менен алынып келинген «Лексус GS-250» унаасы кармалды
Назми Байзакова: “Эл эмне дейт’’ дегендин сизге эч тиешеси жок!
Назми Байзакова: “Эл эмне дейт’’ дегендин сизге эч тиешеси жок!
Сыздоок чыккан кезде аны кантип эмдөө керек?
Сыздоок чыккан кезде аны кантип эмдөө керек?