Жээнбеков: Соттордо жеке адамдык фактор дагы эле күчүндө

Жээнбеков: Соттордо жеке адамдык фактор дагы эле күчүндө
9-Дек. 2019, Дүйшөмбү, 11:28

Бүгүн, 9-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргызстандын сот системасынын 95 жылдыгына арналган иш-чарада президент Сооронбай Жээнбеков үстүбүздөгү жылдын башынан бери соттук-укуктук реформаны ишке киргизүү башталганын жана өлкө жаӊы кодекстердин жана мыйзамдардын нормалары менен жашай баштаганын айтты.

Мамлекет башчысынын айтымында сот системасын санариптештирүү процесси жүрүүдө.

"Сот реформасын ишке ашыруу багытында Жогорку соттун, Конституциялык палатанын деңгээлинде жана айрым жергиликтүү соттор тарабынан иш жүргүзүлүп жатат. Бирок, сот адилеттигинин сапатын жогорулатуу, сотторго ишенимди күчөтүү боюнча иш-аракеттер өтө жай болууда",- деди Жээнбеков.

Ошондой эле мамлекет башчысы сот реформасын ишке ашыруу үчүн мамлекет жетиштүү акча каражатын бөлүп жатканын жана сот системасынын ачыктыгын, адилеттүүлүгүн камсыз кылуу максатында санарип технологиясы киргизилип жатканын белгилеп, ал бирок материалдык база жакшырганы менен реформаны алдыга жылдырайын деген демилге, аракет байкалбай жатканына токтолду.

"Соттордо жеке адамдык фактор дагы эле күчүндө. Албетте, араңарда адилет судьялар аз эмес. Бирок, Мыйзам жана Кудайдан коркуп, баарыңар тегиз абийирдүү болуп кетти деп айта албайм. Мына ушул адам фактору жоюлмайынча, соттордун ичи тазармайынча, сот системасын каржылоону канчалык көбөйтпөйлү, материалдык базасын канчалык оңдобойлу, сот реформасы ийгиликке жетишпейт. Ошондуктан эски көз караштардан арылып, башталган реформаларды аягына чыгаруу үчүн абийир сотунун алдында таза болушуңар керек",- деп кошумчалады ал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Назира Айтбекова: Апам түгөй күтүп, бактылуу болуусу абзел!
Назира Айтбекова: Апам түгөй күтүп, бактылуу болуусу абзел!
Финполиция Бишкекте мыйзамсыз бензин сатып жаткан түйүндү аныктады
Финполиция Бишкекте мыйзамсыз бензин сатып жаткан түйүндү аныктады
Арыктоого балансталган азыктар
Арыктоого балансталган азыктар
Евро биримдик Брекзит келишимин колдоду
Евро биримдик Брекзит келишимин колдоду
Экотехинспекциянын директорун кызматтан алуу сунушталды
Экотехинспекциянын директорун кызматтан алуу сунушталды
Жээнбеков президенттик ишмердүүлүгүндөгү эң артыкчылыктуу багыттын айтты
Жээнбеков президенттик ишмердүүлүгүндөгү эң артыкчылыктуу багыттын айтты
 Айпери Кулбаева жаңы ыр жыйнагын сунуштады (видео)
Айпери Кулбаева жаңы ыр жыйнагын сунуштады (видео)
Сорос климаттагы өзгөрүүлөр жана авторитаризм менен күрөшөт
Сорос климаттагы өзгөрүүлөр жана авторитаризм менен күрөшөт
Дүйнөдөгү эң күчтүү смартфон аныкталды
Дүйнөдөгү эң күчтүү смартфон аныкталды
Санариптештирүү боюнча чечимди аткарбаган жетекчилерге катуу чара көрүлөт
Санариптештирүү боюнча чечимди аткарбаган жетекчилерге катуу чара көрүлөт
“Мекен” тасмасынын бет ачары 19-мартка жылды (видео)
“Мекен” тасмасынын бет ачары 19-мартка жылды (видео)
Алайда билим алып жаткан этникалык кыргыздарга окуу китептери бөлүндү
Алайда билим алып жаткан этникалык кыргыздарга окуу китептери бөлүндү
ДСУ вирус боюнча билдирүү таратты
ДСУ вирус боюнча билдирүү таратты
Аткезчилик жол менен алынып келинген «Лексус GS-250» унаасы кармалды
Аткезчилик жол менен алынып келинген «Лексус GS-250» унаасы кармалды
Назми Байзакова: “Эл эмне дейт’’ дегендин сизге эч тиешеси жок!
Назми Байзакова: “Эл эмне дейт’’ дегендин сизге эч тиешеси жок!
Сыздоок чыккан кезде аны кантип эмдөө керек?
Сыздоок чыккан кезде аны кантип эмдөө керек?