Премьер-министр каза болгондордун жакындарына көңүл айтты

Премьер-министр каза болгондордун жакындарына көңүл айтты
9-Дек. 2019, Дүйшөмбү, 12:42

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Россиянын Оренбург облусунда жол кырсыгынан каза болгон кыргыз жарандарынын сөөгүн мекенине алып келүүнү жана жабыркагандарга жардам берүүнү тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 9-декбрда өкмөт башчысынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы Оренбург облусунда болгон жол кырсыгынын кесепетинен каза болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтты.

"Өкмөт башчы Тышкы иштер министрлигине, Саламаттыкты сактоо министрлигине, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана тиешелүү кызматтарга кырсыктан каза болгондорду Кыргызстанга алып келүүгө байланыштуу маселени чечүү жана жаракат алган жарандарга зарыл болгон медициналык жардамды берүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди",- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кечээ 8-декабрда Оренбург облусунун Казан-Оренбург-Акбулак автожолунун 76-чакырымында кыргызстандыктар бараткан "Тойота Превиа" үлгүсүндөгү унаа каршылаш тилкеде келе жаткан "Мерседес Спринтер" кичи автобусу менен кагылышкан. Жол кырсыгынын кесепетинен Кыргызстандын 30 жаштагы Ж.А., 35 жаштагы Д.С., 23 жаштагы Б.Я., 38 жаштагы А.Т. аттуу 4 жараны каза болду жана 28 жаштагы А.Р., 32 жаштагы Ж.А. жана 31 жаштагы Ч.Н. аттуу 3 жараны жаракат алды. Учурда жаракат алгандар Соль-Илецк шаарынын ооруканасында.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Назира Айтбекова: Апам түгөй күтүп, бактылуу болуусу абзел!
Назира Айтбекова: Апам түгөй күтүп, бактылуу болуусу абзел!
Финполиция Бишкекте мыйзамсыз бензин сатып жаткан түйүндү аныктады
Финполиция Бишкекте мыйзамсыз бензин сатып жаткан түйүндү аныктады
Арыктоого балансталган азыктар
Арыктоого балансталган азыктар
Евро биримдик Брекзит келишимин колдоду
Евро биримдик Брекзит келишимин колдоду
Экотехинспекциянын директорун кызматтан алуу сунушталды
Экотехинспекциянын директорун кызматтан алуу сунушталды
Жээнбеков президенттик ишмердүүлүгүндөгү эң артыкчылыктуу багыттын айтты
Жээнбеков президенттик ишмердүүлүгүндөгү эң артыкчылыктуу багыттын айтты
 Айпери Кулбаева жаңы ыр жыйнагын сунуштады (видео)
Айпери Кулбаева жаңы ыр жыйнагын сунуштады (видео)
Сорос климаттагы өзгөрүүлөр жана авторитаризм менен күрөшөт
Сорос климаттагы өзгөрүүлөр жана авторитаризм менен күрөшөт
Дүйнөдөгү эң күчтүү смартфон аныкталды
Дүйнөдөгү эң күчтүү смартфон аныкталды
Санариптештирүү боюнча чечимди аткарбаган жетекчилерге катуу чара көрүлөт
Санариптештирүү боюнча чечимди аткарбаган жетекчилерге катуу чара көрүлөт
“Мекен” тасмасынын бет ачары 19-мартка жылды (видео)
“Мекен” тасмасынын бет ачары 19-мартка жылды (видео)
Алайда билим алып жаткан этникалык кыргыздарга окуу китептери бөлүндү
Алайда билим алып жаткан этникалык кыргыздарга окуу китептери бөлүндү
ДСУ вирус боюнча билдирүү таратты
ДСУ вирус боюнча билдирүү таратты
Аткезчилик жол менен алынып келинген «Лексус GS-250» унаасы кармалды
Аткезчилик жол менен алынып келинген «Лексус GS-250» унаасы кармалды
Назми Байзакова: “Эл эмне дейт’’ дегендин сизге эч тиешеси жок!
Назми Байзакова: “Эл эмне дейт’’ дегендин сизге эч тиешеси жок!
Сыздоок чыккан кезде аны кантип эмдөө керек?
Сыздоок чыккан кезде аны кантип эмдөө керек?