Абылгазиев: Сырттан акча алганды кыскартуу керек

Абылгазиев:  Сырттан акча алганды кыскартуу керек
9-Дек. 2019, Дүйшөмбү, 17:17

2020-жылы мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагындагы долбоорлор масштабдуу түрдө жүзөгө ашырыла баштайт. Бул тууралуу бүгүн,9-декабрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча кеңеште билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымашты.

«Бүгүнкү күндө дээрлик бардык инфраструктуралык объектилер мамлекеттин эсебинен каржыланууда. Бюджеттин тартыштыгынан улам жаңы объектилердин курулушу жана эскилери оңдоп-түздөөдөн өткөрүлбөй келген. Тышкы каражаттардын эсебинен кырдаалдан чыгуудабыз. Бирок дайыма сырттан жардам күтө бергенибиз болбойт. Сырттан акча алганды кыскартуу керек. Өлкөнүн экономикалык өсүүсүн камсыз кылуу үчүн бизнестин активдерин колдонуу таасирдүү чаралардан болуп саналат», - деп белгиледи Абылгазиев.

Өкмөт башчы мамлекеттин жана жеке ресурстардын биригүүсү экономиканы өнүктүрүүдөгү туура кадам болуп саналарын айтты.

«Көпчүлүк социалдык маселелерди ушул система аркылуу чечсе болот. Быйыл парламент көпчүлүк жол-жоболорду жеңилдеткен жана бардык тараптардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейткен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамдын жаңы редакциясын кабыл алды. Мындан тышкары Экономика министрлигине караштуу МЖӨ борбору түзүлдү. 2021-жылга чейин долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюча фонд түзүлдү, ага техникалык-экономикалык негиздеме жана тендердик иш-кагаздарды даярдоо үчүн 4 миллион доллар бөлүндү. «Манас» Эл аралык аэропорту» ААКты модернизациялоо боюнча стратегиялык долбоорду баштоо жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул чаралардын бардыгы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк линиясы боюнча долбоорлорду кеңейтүүгө олуттуу мамиле кылып жатканыбызды далилидеп турат. Биз мамлекет менен өнөктөш болуу – пайдалуу экенин көрсөтүшүбүз керек. Учурда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк линиясы боюнча 500 млн долларга 23 долбоордун портфели түзүлдү жана аларды карап, иштеп чыгуу жумуштары жүрүүдө», - деди премьер-министр.

Айта кетсек, учурда төрт мекеме мамлекеттик-жеке өнөктөштүк системасынын негизинде иштеп жатат. Ош, Бишкек жана Жалал-Абад шаарларында гемодиализ кызматын көрсөтүү боюнча долбоор иштөөдө, «Кызыл Кыргызстан» кинотеатры кайрадан курулат, анын пайдубалына капсула салынды. Бишкек шаарында коомдук унааларда электрондук билет берүү долбоору киргизилет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Назира Айтбекова: Апам түгөй күтүп, бактылуу болуусу абзел!
Назира Айтбекова: Апам түгөй күтүп, бактылуу болуусу абзел!
Финполиция Бишкекте мыйзамсыз бензин сатып жаткан түйүндү аныктады
Финполиция Бишкекте мыйзамсыз бензин сатып жаткан түйүндү аныктады
Арыктоого балансталган азыктар
Арыктоого балансталган азыктар
Евро биримдик Брекзит келишимин колдоду
Евро биримдик Брекзит келишимин колдоду
Экотехинспекциянын директорун кызматтан алуу сунушталды
Экотехинспекциянын директорун кызматтан алуу сунушталды
Жээнбеков президенттик ишмердүүлүгүндөгү эң артыкчылыктуу багыттын айтты
Жээнбеков президенттик ишмердүүлүгүндөгү эң артыкчылыктуу багыттын айтты
 Айпери Кулбаева жаңы ыр жыйнагын сунуштады (видео)
Айпери Кулбаева жаңы ыр жыйнагын сунуштады (видео)
Сорос климаттагы өзгөрүүлөр жана авторитаризм менен күрөшөт
Сорос климаттагы өзгөрүүлөр жана авторитаризм менен күрөшөт
Дүйнөдөгү эң күчтүү смартфон аныкталды
Дүйнөдөгү эң күчтүү смартфон аныкталды
Санариптештирүү боюнча чечимди аткарбаган жетекчилерге катуу чара көрүлөт
Санариптештирүү боюнча чечимди аткарбаган жетекчилерге катуу чара көрүлөт
“Мекен” тасмасынын бет ачары 19-мартка жылды (видео)
“Мекен” тасмасынын бет ачары 19-мартка жылды (видео)
Алайда билим алып жаткан этникалык кыргыздарга окуу китептери бөлүндү
Алайда билим алып жаткан этникалык кыргыздарга окуу китептери бөлүндү
ДСУ вирус боюнча билдирүү таратты
ДСУ вирус боюнча билдирүү таратты
Аткезчилик жол менен алынып келинген «Лексус GS-250» унаасы кармалды
Аткезчилик жол менен алынып келинген «Лексус GS-250» унаасы кармалды
Назми Байзакова: “Эл эмне дейт’’ дегендин сизге эч тиешеси жок!
Назми Байзакова: “Эл эмне дейт’’ дегендин сизге эч тиешеси жок!
Сыздоок чыккан кезде аны кантип эмдөө керек?
Сыздоок чыккан кезде аны кантип эмдөө керек?