Батукаев иши: соттук отурум 12-декабрга калды

Батукаев иши: соттук отурум 12-декабрга калды
10-Дек. 2019, Шейшемби, 15:36

Кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзам абактан бошотулушуна байланыштуу соттук отурум бүгүн, 10-декабрда уланмак.

Бирок бул иш боюнча айыпталуучулардын бири ооруп калгандыгына байланыштуу соттук процесс 12-декабрга калганын КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

“Шектүү Абдухалим Раимжанов (Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси) ооруп калыптыр. Алмазбек Атамбаевди болсо сот болбосун билишип, СИЗОдон чыгарып алып келишпептир. Сот отуруму 15-декабрь, саат 15:00гө калды. Кийинки соттук териштирүүлөр ар жуманын шейшемби жана бейшемби күндөрү саат 14:00дө болуп турмакчы”, – деди Жолдубаева

Ал ошондой экс-президент кийинки соттук териштирүүлөргө катышууга макулдугун бергенин кошумчалады. Азиз Батукаевдин мыйзамсыз абактан бошотулушу боюнча “коррупция” беренеси менен айыпталып жаткан Алмазбек Атамбаев алгачкы соттук отурумга келүүдөн бир нече ирет баш тарткан эле.

Биринчи Май райондук сотуна мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин 20дан ашык тарапташтары келди. Андан сырткары райондук соттун имаратынын алдынан Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранованы, мурдагы депутат Мээрбек Мискенбаевди, Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаевди да көрө алдык.

Азиз Батукаев “айыккыс дартка чалдыкты” деген негизде 2013-жылы Нарын шаардык сотунун чечими менен абактан мөөнөтүнөн мурда бошоп кеткен. Бул ишти Ички иштер министрлиги кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Учурда Батукаев иши боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 19 шектүүгө маалымдама тапшырылган. Алардын 14ү тергөө менен кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшса, 5 шектүү кол коюшкан эмес.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Аймактарды өнүктүрүүгө салым кошуп жаткан ишканалар сыйланды
Аймактарды өнүктүрүүгө салым кошуп жаткан ишканалар сыйланды
Биринчи мугалим Дүйшөндүн кызы “​Эмгек сиӊирген мугалим
Биринчи мугалим Дүйшөндүн кызы “​Эмгек сиӊирген мугалим"​ наамына татыктуу болду
​Джиу-джитсу мелдешинде катуу мушташ чыкты (видео)
​Джиу-джитсу мелдешинде катуу мушташ чыкты (видео)
Баланын ай сайын өнүгүүсү кандай болуш керек?
Баланын ай сайын өнүгүүсү кандай болуш керек?
Кыргыз айым – режиссерлорунун IV Кинофоруму старт алды
Кыргыз айым – режиссерлорунун IV Кинофоруму старт алды
Миң доллар акча опузалаган милициянын мурдагы кызматкери кармалды (видео)
Миң доллар акча опузалаган милициянын мурдагы кызматкери кармалды (видео)
​Хабибдин атасы Конордун реваншы үчүн 100 миллион доллар сурады
​Хабибдин атасы Конордун реваншы үчүн 100 миллион доллар сурады
Көп кабаттуу үйдүн жашоочусу дүкөндүн чатырына кулап түштү
Көп кабаттуу үйдүн жашоочусу дүкөндүн чатырына кулап түштү
Жол кырсыгынан 2 киши набыт болуп, 7 адам жабыр тартты
Жол кырсыгынан 2 киши набыт болуп, 7 адам жабыр тартты
Кытайда титиреген жер титирөө Кыргызстанда сезилди
Кытайда титиреген жер титирөө Кыргызстанда сезилди
Бишкек - Нарын-Торугарт унаа жолундагы кырсыктан бир адам көз жумду
Бишкек - Нарын-Торугарт унаа жолундагы кырсыктан бир адам көз жумду
“Граф” салаты
“Граф” салаты
Манасчы Сапарбек Касмамбетов көз жумду
Манасчы Сапарбек Касмамбетов көз жумду
Жээнбеков кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат
Жээнбеков кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат
​40 секундда нокаут: Конордун жеңиш видеосу
​40 секундда нокаут: Конордун жеңиш видеосу
20-январь: тоолуу райондордо кар жаайт
20-январь: тоолуу райондордо кар жаайт