Евробиримдик Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдойт

Евробиримдик Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдойт
10-Дек. 2019, Шейшемби, 17:04

9-декабрда Брюссель шаарында Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Европа Бирлигинин (ЕБ) Тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жаңы Жогорку өкүлү Жозеп Боррель менен жолугушту. Бул тууралуу аталган ведомоствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Европа Бирлигинин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын азыркы абалын жана КР менен

ЕБнын ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө жаңы макулдашууну ишке ашыруунун алкагында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечектерин, ошондой эле 2021-2027-жылдарга Көп жылдык индикативдик программаны талкуулашты.

Жогорку өкүл өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларды жүзөгө ашырууда Кыргызстанга ар тараптуу жардам жана колдоо көрсөтүүнү улантууга даярдыгын билдирди.

Тараптар ошондой эле Европа Бирлигинин Борбордук Азия боюнча жаңы Стратегиясын жана ЕБ-БА Тышкы иштер министрлеринин 15-жолугушуусунун жыйынтыктарын талкуулашты.

ЕБ-БА биринчи Экономикалык форумун даярдоо жана өткөрүү маселелерине өзүнчө көңүл бурулду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Аймактарды өнүктүрүүгө салым кошуп жаткан ишканалар сыйланды
Аймактарды өнүктүрүүгө салым кошуп жаткан ишканалар сыйланды
Биринчи мугалим Дүйшөндүн кызы “​Эмгек сиӊирген мугалим
Биринчи мугалим Дүйшөндүн кызы “​Эмгек сиӊирген мугалим"​ наамына татыктуу болду
​Джиу-джитсу мелдешинде катуу мушташ чыкты (видео)
​Джиу-джитсу мелдешинде катуу мушташ чыкты (видео)
Баланын ай сайын өнүгүүсү кандай болуш керек?
Баланын ай сайын өнүгүүсү кандай болуш керек?
Кыргыз айым – режиссерлорунун IV Кинофоруму старт алды
Кыргыз айым – режиссерлорунун IV Кинофоруму старт алды
Миң доллар акча опузалаган милициянын мурдагы кызматкери кармалды (видео)
Миң доллар акча опузалаган милициянын мурдагы кызматкери кармалды (видео)
​Хабибдин атасы Конордун реваншы үчүн 100 миллион доллар сурады
​Хабибдин атасы Конордун реваншы үчүн 100 миллион доллар сурады
Көп кабаттуу үйдүн жашоочусу дүкөндүн чатырына кулап түштү
Көп кабаттуу үйдүн жашоочусу дүкөндүн чатырына кулап түштү
Жол кырсыгынан 2 киши набыт болуп, 7 адам жабыр тартты
Жол кырсыгынан 2 киши набыт болуп, 7 адам жабыр тартты
Кытайда титиреген жер титирөө Кыргызстанда сезилди
Кытайда титиреген жер титирөө Кыргызстанда сезилди
Бишкек - Нарын-Торугарт унаа жолундагы кырсыктан бир адам көз жумду
Бишкек - Нарын-Торугарт унаа жолундагы кырсыктан бир адам көз жумду
“Граф” салаты
“Граф” салаты
Манасчы Сапарбек Касмамбетов көз жумду
Манасчы Сапарбек Касмамбетов көз жумду
Жээнбеков кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат
Жээнбеков кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат
​40 секундда нокаут: Конордун жеңиш видеосу
​40 секундда нокаут: Конордун жеңиш видеосу
20-январь: тоолуу райондордо кар жаайт
20-январь: тоолуу райондордо кар жаайт