Жээнбеков расмий визит менен Бириккен Араб Эмираттарына учуп кетти

Жээнбеков расмий визит менен Бириккен Араб Эмираттарына учуп кетти
11-Дек. 2019, Шаршемби, 14:41

Бүгүн, 11-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков Абу-Дабинин Мураскер ханзаадасы, БАЭ Куралдуу Күчтөрүнүн башкы командачысынын орун басары Мухаммед бин Заед Аль Нахаянын чакыруусу боюнча расмий визит менен Бириккен Араб Эмираттарына учуп кетти.

Президенттик аппараттан маалымдашкандай, расмий визиттин алкагында Абу-Дабинин Мураскер ханзаадасы менен чакан жана кеңири курамда эки тараптуу жолугушуу пландалган.

Тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу кызматташуунун келечектерин талкуулашат.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында билим берүү, маданият, туризм тармактарында, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, анын ичинде Бишкек шаарында Ислам академиясын куруу боюнча бир катар эки тараптуу макулдашууларга кол коюлары күтүлүүдө.

Ошондой эле Жээнбековдун БАЭнин вице-президенти, премьер-министри шейх Мухаммед бин Рашид Аль Мактум менен жолугушуусу пландалууда. Жолугушууда кызматташуунун бардык чөйрөлөрүндө эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланат.

Мындан тышкары, БАЭнин соода-өнөр жай палатасынын, ири компаниялардын жана ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуусу күтүлүүдө. Соода-экономикалык жана инвестиция чөйрөлөрүндө эки тараптуу өз ара кызматташууну өркүндөтүү маселелери талкууланат. Ошону менен бирге Зайед Фондунун башкы директору Хамад Салем бин Кардоус Аль Амери менен жана БАЭде убактылуу жашап жаткан мекендештери менен жолугат.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында:

тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары Марат Аманкулов, Зарылбек Рысалиев, Нурбек Алимбеков, Камчыбек Жолдошбаев, Улугбек Ормонов, Эмил Токтошев, Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков, эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров, өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов бар жана экономика министри Санжар Муканбетов бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Аймактарды өнүктүрүүгө салым кошуп жаткан ишканалар сыйланды
Аймактарды өнүктүрүүгө салым кошуп жаткан ишканалар сыйланды
Биринчи мугалим Дүйшөндүн кызы “​Эмгек сиӊирген мугалим
Биринчи мугалим Дүйшөндүн кызы “​Эмгек сиӊирген мугалим"​ наамына татыктуу болду
​Джиу-джитсу мелдешинде катуу мушташ чыкты (видео)
​Джиу-джитсу мелдешинде катуу мушташ чыкты (видео)
Баланын ай сайын өнүгүүсү кандай болуш керек?
Баланын ай сайын өнүгүүсү кандай болуш керек?
Кыргыз айым – режиссерлорунун IV Кинофоруму старт алды
Кыргыз айым – режиссерлорунун IV Кинофоруму старт алды
Миң доллар акча опузалаган милициянын мурдагы кызматкери кармалды (видео)
Миң доллар акча опузалаган милициянын мурдагы кызматкери кармалды (видео)
​Хабибдин атасы Конордун реваншы үчүн 100 миллион доллар сурады
​Хабибдин атасы Конордун реваншы үчүн 100 миллион доллар сурады
Көп кабаттуу үйдүн жашоочусу дүкөндүн чатырына кулап түштү
Көп кабаттуу үйдүн жашоочусу дүкөндүн чатырына кулап түштү
Жол кырсыгынан 2 киши набыт болуп, 7 адам жабыр тартты
Жол кырсыгынан 2 киши набыт болуп, 7 адам жабыр тартты
Кытайда титиреген жер титирөө Кыргызстанда сезилди
Кытайда титиреген жер титирөө Кыргызстанда сезилди
Бишкек - Нарын-Торугарт унаа жолундагы кырсыктан бир адам көз жумду
Бишкек - Нарын-Торугарт унаа жолундагы кырсыктан бир адам көз жумду
“Граф” салаты
“Граф” салаты
Манасчы Сапарбек Касмамбетов көз жумду
Манасчы Сапарбек Касмамбетов көз жумду
Жээнбеков кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат
Жээнбеков кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат
​40 секундда нокаут: Конордун жеңиш видеосу
​40 секундда нокаут: Конордун жеңиш видеосу
20-январь: тоолуу райондордо кар жаайт
20-январь: тоолуу райондордо кар жаайт