Сапаргүл Абдинабиева: Эмнеге жаңы төрөлгөн баланын алгачкы 1000 күнү маанилүү?

Сапаргүл Абдинабиева: Эмнеге жаңы төрөлгөн баланын алгачкы 1000 күнү маанилүү?
11-Дек. 2019, Шаршемби, 16:08

Журналист Улан Эгизбаевдин жубайы Сапаргүл Абдинабиева жаңы долбоор менен иштей баштады. Бул тууралуу журналист өзү социалдык баракчасына маалымдады.

“Азырынча жумушка чыга элекмин. Бош убактымды ар кандай изденүүлөргө жумшап калам. Бирок дайыма эле сарамжалдуу пайдалануу оор. Демейде мага балдар саламаттыгы, коопсуздугу жана өнүгүүсүнө байланыштуу бардык темалар абдан кызыктуу. Бая күнү «Баластанды» көрүп отуруп, бир нече жыл мурда тарткан социалдык ролигибизди көрүп калдым. Анда белгилүү режиссёр Руслан Акун менен бирге «Балдар колун эмнеге самындап жуушу керек?» деген теманын алкагында чакан тасма жараткан элек. Ал бала, ата-эне, мугалим, жалпы эле чоңдорго да арналган агартуу тармагындагы ролик болчу. Өзүмө абдан жаккан. Кийин жумушутун көптүгүнө байланыштуу мындай багыттагы долбоорлорго колум жетпей калды. Ал эми жакында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду менен кайрадан агартуу тармагында иш алып бара баштадым. Бул ЮНИСЕФ сыяктуу ири уюмдар менен да иштешет. Көбүнчө бала тарбиялоого багытталып, ата-энелерге арналган атайын долбоор. Эмне үчүн жаңы төрөлгөн баланын алгачкы 1000 күнү маанилүү? Бул учурда ата-эне эмнеге үлгүрсө болот? Баланын потенциалын толук ойготуу үчүн кандай аракеттер керек? Наристенин психологиялык, физикалык өнүгүүсүнө ата-эненин ролу кандай? Бул сыяктуу жүздөгөн суроолорго кыргыз тилинде түшүндүрмөлөр берилет”,-деп билдирди Абдинабиева.

Эскерте кетсек, “Азаттык” радиосунун журналисти Улан Эгизбаев коомдогу бир катар чуулгандуу маселелерди иликтеп келген, көзү өткөндөн кийин "Эрдик" медалы менен сыйланган. Анын жубайы Сапаргүл Абдинабиева BBC кыргыз кызматынын журналисти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Аймактарды өнүктүрүүгө салым кошуп жаткан ишканалар сыйланды
Аймактарды өнүктүрүүгө салым кошуп жаткан ишканалар сыйланды
Биринчи мугалим Дүйшөндүн кызы “​Эмгек сиӊирген мугалим
Биринчи мугалим Дүйшөндүн кызы “​Эмгек сиӊирген мугалим"​ наамына татыктуу болду
​Джиу-джитсу мелдешинде катуу мушташ чыкты (видео)
​Джиу-джитсу мелдешинде катуу мушташ чыкты (видео)
Баланын ай сайын өнүгүүсү кандай болуш керек?
Баланын ай сайын өнүгүүсү кандай болуш керек?
Кыргыз айым – режиссерлорунун IV Кинофоруму старт алды
Кыргыз айым – режиссерлорунун IV Кинофоруму старт алды
Миң доллар акча опузалаган милициянын мурдагы кызматкери кармалды (видео)
Миң доллар акча опузалаган милициянын мурдагы кызматкери кармалды (видео)
​Хабибдин атасы Конордун реваншы үчүн 100 миллион доллар сурады
​Хабибдин атасы Конордун реваншы үчүн 100 миллион доллар сурады
Көп кабаттуу үйдүн жашоочусу дүкөндүн чатырына кулап түштү
Көп кабаттуу үйдүн жашоочусу дүкөндүн чатырына кулап түштү
Жол кырсыгынан 2 киши набыт болуп, 7 адам жабыр тартты
Жол кырсыгынан 2 киши набыт болуп, 7 адам жабыр тартты
Кытайда титиреген жер титирөө Кыргызстанда сезилди
Кытайда титиреген жер титирөө Кыргызстанда сезилди
Бишкек - Нарын-Торугарт унаа жолундагы кырсыктан бир адам көз жумду
Бишкек - Нарын-Торугарт унаа жолундагы кырсыктан бир адам көз жумду
“Граф” салаты
“Граф” салаты
Манасчы Сапарбек Касмамбетов көз жумду
Манасчы Сапарбек Касмамбетов көз жумду
Жээнбеков кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат
Жээнбеков кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат
​40 секундда нокаут: Конордун жеңиш видеосу
​40 секундда нокаут: Конордун жеңиш видеосу
20-январь: тоолуу райондордо кар жаайт
20-январь: тоолуу райондордо кар жаайт