Абылгазиев: Логистикалык борбордо 10 миң жумушчу орун түзүлөт

Абылгазиев: Логистикалык борбордо 10 миң жумушчу орун түзүлөт
11-Дек. 2019, Шаршемби, 16:41

Бүгүн, 11-декабрда Нарын облусундагы "Ат-Башы" индустриялык-соода-логистикалык борборунун пайдубалына капсула салуу аземинде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: "Логистикалык борбордун курулушу – бул масштабдуу долбоор, Борбор Азия аймагындагы заманбап жана ири борборлордун бири болот",- деп билдирди.

"Мунун социалдык-экономикалык мааниси чоң. Логистикалык борбордун курулушу менен бери дегенде 10 миң жумуш оруну түзүлүп, бул орундардын 90% биздин жарандарга берилет", - деди премьер-министр.

Өкмөт башчы "Ат-Башы" индустриялык-соода-логистикалык борбору жалпы өлкө үчүн экономикалык, социалдык жана саясий мааниси чоң болорун белгиледи.

«Бүгүн ишке киргизилип жаткан долбоор – кыргыз эли менен кытай элинин достугунун жана өз ара ишениминин айкын мисалы», - деп белгиледи Абылгазиев.

Айта кетсек, "Ат-Башы" индустриялык-соода-логистикалык борборунун долбоордук курулушу 275 млн долларга бааланууда. Курулушу аяктагандан кийин анын жалпы аянты 400 гектарды түзөт. Биринчи баскычта 1000 киши жумуш менен камсыз болот, кийинки этаптарда бул сандар кыйла жогорулайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Аймактарды өнүктүрүүгө салым кошуп жаткан ишканалар сыйланды
Аймактарды өнүктүрүүгө салым кошуп жаткан ишканалар сыйланды
Биринчи мугалим Дүйшөндүн кызы “​Эмгек сиӊирген мугалим
Биринчи мугалим Дүйшөндүн кызы “​Эмгек сиӊирген мугалим"​ наамына татыктуу болду
​Джиу-джитсу мелдешинде катуу мушташ чыкты (видео)
​Джиу-джитсу мелдешинде катуу мушташ чыкты (видео)
Баланын ай сайын өнүгүүсү кандай болуш керек?
Баланын ай сайын өнүгүүсү кандай болуш керек?
Кыргыз айым – режиссерлорунун IV Кинофоруму старт алды
Кыргыз айым – режиссерлорунун IV Кинофоруму старт алды
Миң доллар акча опузалаган милициянын мурдагы кызматкери кармалды (видео)
Миң доллар акча опузалаган милициянын мурдагы кызматкери кармалды (видео)
​Хабибдин атасы Конордун реваншы үчүн 100 миллион доллар сурады
​Хабибдин атасы Конордун реваншы үчүн 100 миллион доллар сурады
Көп кабаттуу үйдүн жашоочусу дүкөндүн чатырына кулап түштү
Көп кабаттуу үйдүн жашоочусу дүкөндүн чатырына кулап түштү
Жол кырсыгынан 2 киши набыт болуп, 7 адам жабыр тартты
Жол кырсыгынан 2 киши набыт болуп, 7 адам жабыр тартты
Кытайда титиреген жер титирөө Кыргызстанда сезилди
Кытайда титиреген жер титирөө Кыргызстанда сезилди
Бишкек - Нарын-Торугарт унаа жолундагы кырсыктан бир адам көз жумду
Бишкек - Нарын-Торугарт унаа жолундагы кырсыктан бир адам көз жумду
“Граф” салаты
“Граф” салаты
Манасчы Сапарбек Касмамбетов көз жумду
Манасчы Сапарбек Касмамбетов көз жумду
Жээнбеков кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат
Жээнбеков кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат
​40 секундда нокаут: Конордун жеңиш видеосу
​40 секундда нокаут: Конордун жеңиш видеосу
20-январь: тоолуу райондордо кар жаайт
20-январь: тоолуу райондордо кар жаайт