Контрафактка каршы күрөшүүгө багытталган чаралар ишке ашырылууда

Контрафактка каршы күрөшүүгө багытталган чаралар ишке ашырылууда
13-Дек. 2019, Жума, 17:36

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде товарларды каттоо жайынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, пункт «Жалпылоочу жай» аппараттык-программалык комплекси менен жабдылган, ал Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды каттоого алууну, транспорттук көзөмөл жүргүзүүнү, товарлардын мыйзамсыз кыймылына көзөмөлдү, ошондой эле ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылууну шарттайт.

Унаа каражаттарынын салмак көлөмдүк көрсөткүчтөрү боюнча маалымат электрондук салмак көлөмдүк көзөмөл динамикалуу системасы аркылуу автоматтык режимде жалпылоочу жайга берилип турат, ал эми анын кызматкерлеринин бардык кыймыл-аракети системада жазылып калат.

Абылгазиев баса белгилегендей, Өкмөт товарлардын кыймылынын ачыктыгын камсыздоого жана контрафактка каршы күрөшүүгө багытталган чаралар комплексин ишке ашырууда.

Анын айтымында, мамлекеттин экономикалык кызыкчылыктарын натыйжалуу жана ачык коргоо үчүн мамлекет бардык товардык агымдарга көзөмөл жүргүзүүнүн таасирдүү механизмин иштеп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Назира Айтбекова: Апам түгөй күтүп, бактылуу болуусу абзел!
Назира Айтбекова: Апам түгөй күтүп, бактылуу болуусу абзел!
Финполиция Бишкекте мыйзамсыз бензин сатып жаткан түйүндү аныктады
Финполиция Бишкекте мыйзамсыз бензин сатып жаткан түйүндү аныктады
Арыктоого балансталган азыктар
Арыктоого балансталган азыктар
Евро биримдик Брекзит келишимин колдоду
Евро биримдик Брекзит келишимин колдоду
Экотехинспекциянын директорун кызматтан алуу сунушталды
Экотехинспекциянын директорун кызматтан алуу сунушталды
Жээнбеков президенттик ишмердүүлүгүндөгү эң артыкчылыктуу багыттын айтты
Жээнбеков президенттик ишмердүүлүгүндөгү эң артыкчылыктуу багыттын айтты
 Айпери Кулбаева жаңы ыр жыйнагын сунуштады (видео)
Айпери Кулбаева жаңы ыр жыйнагын сунуштады (видео)
Сорос климаттагы өзгөрүүлөр жана авторитаризм менен күрөшөт
Сорос климаттагы өзгөрүүлөр жана авторитаризм менен күрөшөт
Дүйнөдөгү эң күчтүү смартфон аныкталды
Дүйнөдөгү эң күчтүү смартфон аныкталды
Санариптештирүү боюнча чечимди аткарбаган жетекчилерге катуу чара көрүлөт
Санариптештирүү боюнча чечимди аткарбаган жетекчилерге катуу чара көрүлөт
“Мекен” тасмасынын бет ачары 19-мартка жылды (видео)
“Мекен” тасмасынын бет ачары 19-мартка жылды (видео)
Алайда билим алып жаткан этникалык кыргыздарга окуу китептери бөлүндү
Алайда билим алып жаткан этникалык кыргыздарга окуу китептери бөлүндү
ДСУ вирус боюнча билдирүү таратты
ДСУ вирус боюнча билдирүү таратты
Аткезчилик жол менен алынып келинген «Лексус GS-250» унаасы кармалды
Аткезчилик жол менен алынып келинген «Лексус GS-250» унаасы кармалды
Назми Байзакова: “Эл эмне дейт’’ дегендин сизге эч тиешеси жок!
Назми Байзакова: “Эл эмне дейт’’ дегендин сизге эч тиешеси жок!
Сыздоок чыккан кезде аны кантип эмдөө керек?
Сыздоок чыккан кезде аны кантип эмдөө керек?