“Азаттык” иликтөөнүн материалдарын УКМКга тапшырды

“Азаттык” иликтөөнүн материалдарын УКМКга тапшырды
14-Дек. 2019, Ишемби, 11:28

«Азаттык Медиа» мекемеси журналисттик иликтөөлөрүндө колдонулган документтердин көчүрмөсүн, аудио, видео материалдарды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) өткөрүп берди.

Маалыматта айтылгандай, "Азаттык" радиосу материалдар менен кошо УКМКнын төрагасына жазылган расмий катты да тапшырды. Анда "Берилген материалдар же ага байланышы бар кандай гана маалымат болбосун кыянаттык менен пайдаланылса, биздин журналисттердин, иликтөөгө аралашкан кызматкерлердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугуна тынчсызданабыз" деп айтылат.

Медиа мекеме ошондой эле УКМК журналисттердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыздоо үчүн бардык чараларды көрөт деген ишенимин билдирген.

22-ноябрда "Азаттык" радиосу “Бажыдагы миллиондор: калкалоо жана карактоо" аттуу кезектеги иликтөөсүн жарыялаган. Анда бажыдагы товар өткөрүүнүн көмүскө схемалары, миллиондогон акчаларды адалдоонун жолдору тууралуу сөз болот.

13-декабрда Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Жылдыз Ибраимова Матраимовдордун адвокаттарынын арызынын негизинде үч медианын жана кабарчынын эсебин камактан чыгарды.

Буга чейин Матраимовдордун үй-бүлөсү “Азаттык” радиосун, “Азаттык” радиосунун журналисти Али Токтакуновду, “Kloop.kg” жана “24.kg” сайттарын сотко берген. Анын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту басылмалардын банк эсептерин камакка алган.

Президенттин басма сөз катчысы Толголнай Стамалиева үч медианын эсептерин ини камаккка алынуусу боюнча билдирүү таратып, бул факт ар дайым сөз эркиндигинин принциптерин карманып келген президентинин гана эмес, биздин демократиялык өлкөнүн аброюна шек келтирээрин айткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
14 шаарга вулкан коркунучу эскертилди
14 шаарга вулкан коркунучу эскертилди
Украинанын премьер-министри отставкага арыз жазды
Украинанын премьер-министри отставкага арыз жазды
19-январь: көпчүлүк аймакта күн ачык болот
19-январь: көпчүлүк аймакта күн ачык болот
Борбор калаадагы башкы балаты эки күндөн кийин алынат
Борбор калаадагы башкы балаты эки күндөн кийин алынат
​UFC президенти: “Конор титулдук таймашка чыгат”
​UFC президенти: “Конор титулдук таймашка чыгат”
 Коммуналдык кызматтын акчасын өзүнө ыйгарып алып турган жаран кармалды
Коммуналдык кызматтын акчасын өзүнө ыйгарып алып турган жаран кармалды
Министр: мугалимдердин айлыгы каникул учурунда кыскартылбайт
Министр: мугалимдердин айлыгы каникул учурунда кыскартылбайт
Бишкектин студенттери 115 жетим балага жардам көрсөтүштү
Бишкектин студенттери 115 жетим балага жардам көрсөтүштү
​Бүгүн “Конор – Серроне” таймашы: Кимиси жеңет?
​Бүгүн “Конор – Серроне” таймашы: Кимиси жеңет?
Кылмыштуу топтун “Казак” аттуу мүчөсү кармалды
Кылмыштуу топтун “Казак” аттуу мүчөсү кармалды
Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү
Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү
​Кыргызстан курамасынын футболчулары күйөрмандарга  жолугат
​Кыргызстан курамасынын футболчулары күйөрмандарга жолугат
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн
Абылгазиев: Жаштарды тарбиялоодо кинематографтын ролу кыйла маанилүү
Абылгазиев: Жаштарды тарбиялоодо кинематографтын ролу кыйла маанилүү