Балыкчы - Корумду жолу боюнча кылмыш иши козголду

Балыкчы - Корумду жолу боюнча кылмыш иши козголду
14-Дек. 2019, Ишемби, 11:47

Кечээ, 13-декабрда Жогорку Кеңеште жолдорду куруу жана калыбына келтирүү үчүн алынган насыялардын жана чет өлкөлүк жардамдардын натыйжалуулугу жөнүндө маалымат угулуп жатканда депутат Иса Өмүркулов: "Транспорт жана жол министрлигинин дарегине такай сын пикирлер айтылып келет, кетирилген мүчүлүштүктөрдү оңдоп, өлкөнүн жол тармагын оңдоо, алынган насыя каражаттарын өз багытында жумшоо жана сарамжалдуу пайдалануу, коррупциялык жосундарды жоюу жаатында кандай чаралар көрүлүп жатат, деги бул багытта жылыштар барбы?",-деп собол салганын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов жол тармагынын ишин жакшыртуу, анын ичинде жолдорду калыбына келтирүү, оңдоп-түзөө, жаңы жолдорду куруу жаатында бир топ алгылыктуу чаралар иштелип чыгып, бир катар ири долбоорлор ишке ашырылып жатканын айтты.

«Азыр Азия өнүктүрүү банкынын ГРИП директору алмаштырылып, долбоорлорду өткөрүүнүн жаңы тартиби киргизилүүдө. Ушул жылы алгач ирет бюджеттик каржылоо эрежелеринин сакталышына көзөмөл кыла турган көзкарандысыз техникалык консультанттарды жалдадык», - деди ал.

Өмүркулов жол курулгандан кийин көп өтпөй эле аларды кайрадан оңдоп-түзөөгө туура келип жатканын, ошондуктан жолдун сапатына өзгөчө көңүл буруу, жол кура турган компанияларды жалаң четтен жалдай бербей, министрликке караштуу Жол чарба департаменти сындуу ири ишканаларды да колдоно билүү зарылдыгын белгиледи.

Башкы прокуратуранын өкүлү Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу боюнча текшерүү жүрүп жатканын, Транспорт жана жол министрлигине коррупциялык чийимдерди жоюу боюнча жол каратасы берилгенин билдирди. «Түндүк-Түштүк жолу боюнча текшерүү жыынтыгында юридикалык баа берилет. Ал эми Бишкек – Кара-Балта жолунун жана Балыкчы – Корумду жолунун курулушу боюнча кылмыш иши козголду», - деди башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
14 шаарга вулкан коркунучу эскертилди
14 шаарга вулкан коркунучу эскертилди
Украинанын премьер-министри отставкага арыз жазды
Украинанын премьер-министри отставкага арыз жазды
19-январь: көпчүлүк аймакта күн ачык болот
19-январь: көпчүлүк аймакта күн ачык болот
Борбор калаадагы башкы балаты эки күндөн кийин алынат
Борбор калаадагы башкы балаты эки күндөн кийин алынат
​UFC президенти: “Конор титулдук таймашка чыгат”
​UFC президенти: “Конор титулдук таймашка чыгат”
 Коммуналдык кызматтын акчасын өзүнө ыйгарып алып турган жаран кармалды
Коммуналдык кызматтын акчасын өзүнө ыйгарып алып турган жаран кармалды
Министр: мугалимдердин айлыгы каникул учурунда кыскартылбайт
Министр: мугалимдердин айлыгы каникул учурунда кыскартылбайт
Бишкектин студенттери 115 жетим балага жардам көрсөтүштү
Бишкектин студенттери 115 жетим балага жардам көрсөтүштү
​Бүгүн “Конор – Серроне” таймашы: Кимиси жеңет?
​Бүгүн “Конор – Серроне” таймашы: Кимиси жеңет?
Кылмыштуу топтун “Казак” аттуу мүчөсү кармалды
Кылмыштуу топтун “Казак” аттуу мүчөсү кармалды
Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү
Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү
​Кыргызстан курамасынын футболчулары күйөрмандарга  жолугат
​Кыргызстан курамасынын футболчулары күйөрмандарга жолугат
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн
Абылгазиев: Жаштарды тарбиялоодо кинематографтын ролу кыйла маанилүү
Абылгазиев: Жаштарды тарбиялоодо кинематографтын ролу кыйла маанилүү