Таласта 10 жаштагы кыз сууга агып кетти

30-Май 2017, Шейшемби

Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылында Талас суусуна 10 жаштагы кыз агып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 29-майда саат 22:00 чамасында болгон.

Издөө иштерине ӨКМдин №93 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 12 куткаруучу жөнөтүлдү. Бүгүн, 30-майда издөө иштери уланууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!