Биометрикалык паспорт жол документи катары таанылды

30-Май 2017, Шейшемби

Россия жана Казакстан өлкөлөрү кыргызстандык жарандардын 2017-жылдагы (ID –карт) –идентификациялык картасын жол документи катары тааныды.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Беларусия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Россия өкмөттөрүнүн жарандардын өз ара визасыз кирип-чыгуу жөнүндө 2000-жылдын 30-ноябрында Минскиде макулдашууга кол коюлган. Анын алкагында жарандардын өз ара кирип-чыгуусу жөнүндө Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Россия жана Казакстандын ТИМдери менен ноталык макулдашуу түзгөн. Аталган аймактарга кирип-чыгуу жана ал жакта болуу үчүн Кыргызстандын жарандык паспортун алып идентификациялык картасын жол документи катары тааный тургандыгы жөнүндө маалыматты тастыктады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!