Медреседе англис тили окутулат

30-Май 2017, Шейшемби

Ош облустук казыятында “Улуттук китеп аркылуу англис тилин үйрөнүү” аттуу долбоорду тааныштыруу болуп өттү. Бул тууралуу Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти. Аталган иш-чарага Ош облустук казыятынын иш башкарма башчысы Абдыжапар ажы Жакыпов, казыяттын окуу бөлүмүнүн башчысы Акжол Бакиров, Кыргызстандагы “Чет тилчи мугалимдердин бирикмеси” форумунун президенти Асел Доромбаева жана тренер Хулькарай Абдурахманова катышты.

Асел Доромбаеванын айтуусунда долбоордун негизги максаты диний окуу жайлардагы окуучуларды англис тилине үйрөтүү жана мугалимдерди инновациялык методикалар менен камсыз кылуу болуп саналат. Алгач долбоордун биринчи этабы муфтият менен биргеликте 2014-2016-жылдары Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй облустарында жана Ош шаарындагы диний окуу жайлардын мүдүрлөрүн, мугалимдерин жана казыят кызматкерлерин жалпысы 24 мугалимди окутуудан башталган.

“Долбоордун алкагында Ош облусунун аймагынан маектешүүдөн ийгиликтүү өткөн 4 мугалим тандалып алынат жана ушул жылдын 1-сентябрынан тарта Оштогу медреселерде окуган 100гө жакын балдар жана кыздар окутулат. Мындан сырткары англис тилин окутуу үчүн колдонмо окуу куралы катары кыргызча улуттук китеп даярдалууда жана ага дин боюнча тексттерди киргизүү процесси муфтияттын адистери менен биргеликте каралып чыкмакчы”,-деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!