Россияда Азиз Батукаевдин эжеси камалды

31-Май 2017, Шаршемби

Челябинскте “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукевдин эжесн 17 жылга кесилди. Бул тууралуу Челябинск облустук прокуратурасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ 30-майда Челябинск облустук соту кыргыз жарандары Кабылжан Абдурахманов менен Яха Батукаевага козголгон кылмыш иш боюнча өкүм чыгарган. Анткени, айыпталуучулар Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин “алдын ала сүйлөшүп, ири өлчөмдө баңгизат сатуу” беренелери боюнча айыпталышкан.

Ал эми сот отурумунда, алар өткөн жылдын январь айында Челябинск облусунун Южноуральск шаарында ижарага батир алып, Абдурахманов сатуу үчүн алып келген 28 кг жакын героинди сакташкандыгы далилденген. Кийин Батукаева 5 кг жакын баңгизат алуучу кардар таап, ошол эле жылдын январь айында сатышкан. Калган 23 кг жакын героинди дагы сатуу үчүн сакташкан. Мыйзамсыз сатуудан жалпы 28 кг жакын баңгизат алынган.

“Сот айыпталуучулардын ар бирин 500 миң рублден төлөөгө милдеттендирип, 17 жылдан абакка каматуу өкүмүн чыгарды”,- деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!