Агасын иниси үй талашып сабап өлтүрдү

31-Май 2017, Шаршемби

Бишкек шаарынын тургуну бир тууган инисинин токмогунан көз жумду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 28-майда Чүй көчөсүндөгү турак үйлөрдүн биринде болгон. Милицияга 53 жаштагы Ч.Ч аттуу эркек кишинин ур-токмокко алынганы тууралуу маалымат түшкөн. Анда жабырлануучу 40 жаштагы С.К аттуу инисине карата чара көрүү өтүнүчү менен арыз жазып, ооруканага жаткырылган. Бирок, ал алган жаракатынан улам эртеси ооруканадан көз жумган.

Учурда Свердлов РИИБ тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин “ден соолукка атайылап өлүмгө жеткирүүчү зыян келтирүү” беренси боюнча козголгон иш тергелип жатат.

Алдын ала маалыматтар боюнча, бир туугандар айылда ата-энесинен калган тамды талашып урушкан.

“Салтка ылайык, кичүү уулу үйгө ээ болуп, ата-энесин багуу милдетин алат. Бирок, бир туугандардын кичүүсү бир нече жыл мурда үй-бүлөсү менен борборго көчүп кеткен. Ал эми үйүндө улуусу калып, ата-энесин багып келген. Ата-энеси каза болгондон кийин алардын үйү агасына мурас болуп катталган”, - деп айтылат билдирүүдө.

Учурда кылмышка шектүү убактылуу камакта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!